Жакан 21:15-17
Жакан 21:15-17 КЫРИ
Алар тамактанып алгандан кийин Ыйса Ысман-Петирден: – Жакан уулу Ысман, буларга караганда Мени сен көбүрөөк сүйөсүңбү? – деп сурады. – Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Өзүң деле билесиң, – деди Петир. Ошондо Ыйса ага: – Козуларымды бак! – деди. Ыйса андан экинчи ирет: – Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? – деп сурады. Петир: – Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Сен билесиң го, – деп жооп кайтарды. Ыйса ага: – Койлорумду кайтар! – деди. Ыйса үчүнчү жолу: – Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? – деп сурады. «Сен Мени жакшы көрөсүңбү?» деп үчүнчү ирет сурагандыктан Петир капа болуп: – Эгем, Сен баарын билесиң да, Сени жакшы көрөрүмдү да билесиң, – деди. Ошондо Ыйса ага мындай деди: – Койлорумду бак!



![[Unboxing Psalm 23: Treasures for Every Believer] Paths of Righteousness Жакан 21:15-17 Инжил ЛС (2005)](/_next/image?url=https%3A%2F%2Fimageproxy.youversionapi.com%2Fhttps%3A%2F%2Fs3.amazonaws.com%2Fyvplans%2F35790%2F1440x810.jpg&w=3840&q=75)

