YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 5

5
Дебора менен Барактын ыры
1Ошол күнү Дебора менен Абынаамдын уулу Барак мындай деп ырдашты:
2– Башчылар журтту ээрчитип,
Элдик кошуун жөнөдү,
Даңктагыла Жараткан Эгени!
3Падышалар уккула,
Төрөлөр кулак салгыла!
Жараткан Эгени мактаймын,
Ысрайылдын Кудайын!
Аспап чертип ырдаймын,
4О Жараткан Эге!
Сен Сеирден чыкканда –
Эдомдон бери басканда,
Кара жер таман астыңда,
Дүңгүрөдү солкулдап.
Жаан тамчылап асмандан,
Жамгыр куйду булуттан.
5Жараткан Эгенин алдында
Титиреп Синай тоолору.
Зилзала болду Ал өткөндө
Ысрайылдын Кудайы.
6Анаттын уулу эр Шамгар,
Анан да Жаел тушунда,
Кооптуу болуп түз жолдор,
Айланып өтүп калышкан.
7Мен – Дебора,
Журт энеси аталып,
Эл башына келгенче,
Жетимсиреп ээн калган,
Айыл-кыштак ташталып.
8Ысрайыл жаңы кудайларды,
Өзүнө тандап алганда,
Согуш оту тутанды
Шаар дарбазасы алдында.
Кырк миң жоокер болсо да
Канчалык анын пайдасы,
Колунда эгер болбосо
Кылычы менен найзасы.
9Эл сүрөгөн төрөлөр,
Силер менен жүрөмүн.
Элден чыккан баатырлар
Силер деп согот жүрөгүм.
Даңктагыла баарыңар
Дайым болгон Жараткан Эгени!
10Ак эшек минген мыктылар,
Кымбат килемдин үстүндө
Төрдө олтурган мырзалар,
Жөө-жалаң жолдо бараткандар
Ыраазы болуп Кудайга
Ырдап обон созгула!
11Кудуктан малын сугарган
Койчулар ырын уккула,
Мактап жатат Жараткан Эгени,
Элеттик элдин жеңишин.
Ошондо Жараткан Эгенин эли шаар дарбазасын көздөй жөнөдү.
12– Тургун өйдө, Дебора!
Тургун эми батыраак.
Тургун сен да эр Барак
Ырдагыла катуураак!
Абынаам уулу чамдагын
Туткундарды айдагын
Туруп калса азыраак!
13Азыраак эл ошондо,
Аламан жоону талкалады.
Жараткан Эге күчтүүлөрдү
Кол алдыма багынтты!
14Амалик жерин ээлеп алган
Эпрайым эли төмөн түштү.
Бир тууганын артынан
Бенжамин да ээрчип келди.
Насилинен Махирдин
Чогулуп келди колбашчылар,
Забулундан – эл башчылар.
15Исахардын төрөлөрү
Дебораны ээрчишти,
Исахарлар Барак менен
Өрөөнгө төмөн түшүштү.
Муну көрүп рубендер
Жүрөксүп карап турушту.
16Кой-эчкиңдин маараганын,
Койчулардын ышкырганын,
Тыңшап коюп олтура берип
Рубен неге нымтырадың?
17Гилат Иордан артында
Жата берди бейкапар,
Кемелерине таянып
Келбей койду дандыктар.
Ашыр кеме жайында,
Жашайт деңиз боорунда,
Козголбостон ал дагы
Кала берди ордунда.
18Канжыгага башын байлаган,
Жанын коргоп качпаган,
Забулун эли азамат!
Өлүмдөн коркпой майданда
Ажалга тике караган
Напталыга атак-даңк!
19Өрөөндүн аты Мегиддо
Канаандын падышалары
Өргүүгө туруп алышты.
Суу жээктеп катар тизилип
Таанахта согуш ачышты.
Талкаланып жеңилип
Сокур тыйын алалбай
Олжосуз куру качышты.
20Ал тургай жылдыз жайнаган
Асманда туруп арбашты,
Суурулуп чыгып огунан
Сисра менен кармашты.
21Эзелки Кишон дарыя
Ээлигип агат дайыма,
Агымы катуу аркырап
Агызып кетти аларды.
Эми жаным кайраттан,
Алдыга ташта кадамды.
22Дүбүртүнөн аттардын
Даңкан учуп жаңырат
Туяктардан така ыргып,
Жер чыдабай чаңырат.
23Жараткан Эгенин периштеси
Айтат мындай сөздөрдү:
Мейроз шаарын каргагын
Элине наалат айткыла,
Экинчи басып барбагын.
Анткени алар Жараткан Эгеден
Алдуулар менен кармашта,
Аяп койду жардамын.
24Кейни Хебер жубайы,
Жаелди Кудай жалгасын.
Алачыкта жашаган
Аялдардын ичинен
Аябай берсин батасын
Алкасын Кудай, алкасын!
25Суу сураса колбашчы
Суусаганга сүт бердиң,
Сунуп төрө чөйчөккө
Сүттөн кере жут дедиң.
26Чатыр казык сол колдо,
Урчу барскан оң колдо,
Туштап туруп башына,
Таамай урдуң Сисраны.
Тешип чыгып чыкыйын,
Казык жерге кадалды.
27Бут алдында аялдын
Сисра төрө суналды.
Бут астына катындын
Мүрт кетип мырза сулады,
Жаткан жерден турбастан,
О дүйнөгө узады.
28Сисранын энеси
Терезеден телмирип,
Теше тиктеп жол карайт.
– Карааны жок уулумдун,
Каңырыкты түтөтүп.
Кечиктиң го берекем,
Кайгы муңду күчөтүп.
Албууттанып жүгүргөн,
Ай-асманга түйүлгөн,
Аргымак аттар канакей?
Жер жаңырткан дүңгүрөп,
Айланкөчөк дөңгөлөк,
Арабалар канакей?
29Акыл-эстүү аялдар
Жооткотуп ага кеп айтат
Эне да өзүн сооротуп,
Өзүнө-өзү деп айтат:
30– Чоң олжого ээ болуп,
Бөлүшүп бүтпөй жаткандыр
Ар бир жоокер бир-эки
Кызды ээлеп алгандыр.
Олжого түшкөн кийимден,
Оймосу менен тигилген,
Саймасы кооз чапанды,
Сисрага чактап жапкандыр.
31Оо, Жараткан Эге!
Сенин бардык душманың
Так ушинтип кан жутсун.
Кудайды сүйгөн адамдар
Таңкы күндөй жаркысын!
Ошондон кийин өлкөдө кырк жыл бою бейпилдик өкүм сүрдү.

Currently Selected:

Бийлер 5: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in