Бийлер 18
18
Дан уруусунун Лаишке жайгашуусу
1Ал заманда Ысрайылда падыша жок болчу. Ошол мезгилде Дан уруусу мекендеш үчүн өзүнө башка жерден кошумча жер издеп жаткан. Анткени алар Ысрайылдын башка урууларынын арасында өзүнө тийген энчи жерге ушул убакка чейин толук ээ боло алган эмес эле. 2Ошондуктан дан эли өзүнүн уруусунан кайраттуу беш жигитти тандап алып, «Барып, жаңы жерлерди чалгындап келгиле» деген тапшырма менен жөнөтүштү. Сора менен Эштаулдан чыккан ошол жигиттер Эпрайым тоолорундагы Мукайдын үйүнө келип конуп калышты. 3Алар Мукайдын үйүнө жакындап келишкенде, леби жигитти үнүнөн таанып калышты. Анан ага басып келишип:
– Ой, жигит! Сени бул жерге ким алып келди? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Кантип келип калдың? – деп сурашты. Тиги жигит:
4– Мукай мени жалдап алды. Мен анын дин кызматчымын, – деп жооп берип, Мукайдын ага кылган жакшылыктарынын баарын айтып берди.
5– Андай болсо, сапарыбыз ооматтуу болобу же жокпу, Кудайдан сурап берчи, – деп айтышты тигилер.
6– Эч кабатыр болбой бара бергиле. Сапарыңарда Жараткан Эге Өзү силерди колдойт, – деп жооп берди дин кызматчы. 7Ошентип, беш жигит жол жүрүп олтуруп, Лаишке келишти. Бул жерде алар коопсуз, Сидон элиндей бейкапар, тынч жашап жаткан элди көрүштү. Ал тегеректе алардын тынчын алган же аларга үстөмдүк кылган эч ким жок эле. Сидондон алыс жашап, башка элдер менен да алака түзбөйт экен.
8Беш жигит Сора менен Эштаулдагы журтуна кайтып келишкенде:
– Кандай кабар алып келдиңер? – деп туугандары сурашты.
9– Биз абдан жайлуу жерди көрүп келдик! Жүргүлө, барып ал жерге кол салалы! Ушинтип олтура бересиңерби? – деп айтышты тигилер. – Буйдалбастан барып, ошол жерди басып алалы! 10Ал жерге барсаңар, бейкапар жаткан элди өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Жери абдан кенен экен. Ушундай жер соорусун Кудай колубузга берип жатат! 11Ошентип, дан уруусунан курал-жаракчан 600 жигит Сора менен Эштаулдан жортуулга аттанып чыгышты. 12Алар Иудага келишип, Кирият-Жеярим шаарынын батыш тарабына ордо курушту. Ошондуктан ал жер бүгүнкүгө чейин Дан ордосу деп аталат. 13Ал жерден Эпрайым тоолорун карай бет алып, Мукайдын айылына жакындап келишти. 14Бир маалда жер чалып келүүгө Лаишке барып келген жанагы беш жигит жанындагыларга:
– Туугандар! Билесиңерби, ушул үйлөрдүн биринде дин кызматчылардын алжапкычы, үй буркандарын, анан дагы жыгачтан оюлуп, күмүш капталган кудайлар бар, – деп айтышты. – Аларды эмне кылуу керектигин өзүңөр жакшылап ойлонуп көргүлө. 15Ошондо алар леби жашап жаткан Мукайдын үйүнө бурулуп, ал-жай сурап кирип келишти. 16Дан уруусунун курал-жаракчан 600 жигити болсо дарбаза сыртында калды. 17Жер чалып барган беш киши үйгө түз эле кирип барып жыгачтан оюлуп, күмүш капталган бурканды, эфодду, үй буркандарын алышты. Дин кызматчы болсо дарбаза сыртындагы куралчан 600 жигиттин жанында турган. 18Тигилер Мукайдын үйүнө кирип, жыгачтан жасалган бурканды, алжапкычты, үй буркандарын алып чыгып баратышканын дин кызматчы көрүп:
– Эй! Бул эмне кылганыңар? – деп жиберди.
19– Үнүңдү чыгарба! Оозуңду жап да, биз менен жүргүн! – дешти жигиттер. – Бизге кеңешчи да, дин кызматчы да болосуң. Өзүң айтчы, бир үйдүн дин кызматчы болгон жакшыбы же Ысрайылдын бүтүн бир уруусуна дин кызматчы болгон жакшыбы?
20Дин кызматчы сүйүнүп кетип, алжапкычты, үй буркандарын, анан да куйма бурканды алды да, жигиттер менен чогуу кетти.
21Дандар бала-чакасын, мал-жанын жана дүнүйө-мүлкүн алдыга салып, сапарын кайрадан улантышты#18:21 Жортуулга чыккан алты жүз киши басып алган жерге дароо эле олтурукташуу үчүн үй-бүлө, мал-мүлкүн ала чыккан болчу.. 22Алар Мукайдын үйүнөн узай бергенде, Мукай кошуна-колоңдорун чогултуп, алардын артынан кубалап жөнөдү. 23Куугунчулар айкырык салып жетип келишкенде, тигилер артка бурулуп, Мукайга:
– Эмне болду? Неге ушунчаң топурап келдиңер? – дешти.
24– Силер менин жасаткан кудайларым менен дин кызматчымды тартып алып кетип жатпайсыңарбы! – деди Мукай. – Анан «Эмне болду?» деп сурайсыңар да!
25– Бас жаагыңды! – деп кесе сүйлөштү дан уулдары, – болбосо арабыздагы кызуу кандуу жигиттерибиз тумшугуңду кандап, өзүңдү да, үйүңдөгүлөрдү да набыт кылып коюшат! 26Муну айтып, дандар жолун улап кетип калышты. Мукай алардын алда канча күчтүү экенин көрүп, артка бурулду да, үйүнө кайтып кетти. 27Ошентип, дандар Мукай жасаган нерселерди тартып алып, анын дин кызматчыны ээрчитип кетишти. Алар Лаишке жетип, тынч, бейкапар жаткан элге кол салышты. Элди кылычтап кырып, шаарды өрттөп салышты. 28Лаиш элине жардам берер эч ким болбоду. Анткени бул шаар Бейт-Рехоптун жанындагы өрөөндө жайгашкандыктан, Сидондон алыс эле, башка эч бир шаарлар менен да алака түзчү эмес.
Дандар шаарды кайрадан куруп, ал жерге отурукташып калышты. 29Шаарды өздөрүнүн түп атасы Ысрайылдын уулу Дандын урматына «Дан шаары» деп атап алышты. Калаанын мурдагы аты Лаиш болчу. 30Дан уруусу буркандарды өздөрүнө коюп алышты. Ал жерде жашоочулар туткундалып кеткенге чейин Гершомдун уулу, Мусанын небереси Жонатан жана анын уулдары дан уруусунун дин кызматчылар болуп турушту. 31Кудайдын үйү Шилодо турган убакыт аралыгында, дан эли Мукай оюп жасаткан бурканга табынып жатты.
Currently Selected:
Бийлер 18: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018