YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 19

19
Гиба элинин оор күнөөсү
1Ысрайылда падыша жок ошол заманда, Эпрайым тоолорунун түпкүрүндө бир леби жашачу. Ал Иуданын Бейт-Лехем шаарынан токол алды. 2Ошол токолу бир күнү таарынып, Иуданын Бейт-Лехеминдеги төркүнүнө кетип калды. Аял төркүнүндө төрт ай жүрүп алды. 3Акыры күйөөсү анын көңүлүн таап, үйүнө кайтарып келүү үчүн, малай баласы экөө эки эшекке минип жолго чыгышты.
Лебинин жаш токолу аларды үйгө киргизди. Кайнатасы да аны көргөндө кубана тосуп алды. 4Кайнатасы аны кетирбей койгондуктан, леби жаш токолунун төркүнүндө сый тамак жеп, үч күн конуп калды.
5Төртүнчү күндүн эрте таңында алар кетүүгө камдана башташты. Бирок кайнатасы күйөө баласына:
– Алгач шам-шум этип алгыла, кубат болот, анан жолго чыгарсыңар, – деди. 6Экөө кайрадан дасторконго олтурушту. Тамактан кийин кайнатасы мындай деди:
– Бүгүн да конуп калсаңчы. Жакшылап көңүлүңдү көтөр.
7Леби кетмекчи болду, бирок кайнатасы ой-боюна койбой дагы бир күнгө алып калды. 8Бешинчи күнү таң ата алар жолго чыгууга кайрадан даярдана башташты. Бирок кайнатасы күйөө баласына кайра эле:
– Даам сызып, түш оогондон кийин кетсеңчи – деп кетирбей койду. Ошентип, экөө кайрадан тамактанууга олтурушту. 9Леби токолу менен малай баласын ээрчитип жолго чыгууга камына баштаганда:
– Уулум, карачы, күн ылдыйлап баратат. Аздан кийин кеч кирет. Дагы бир түнөп калып, көңүлүңдү ачсаңчы. Эртең таң ата жолго чыгып, үйүңөргө кайтып барасыңар, – деди кайнатасы.
10Бирок күйөө бала дагы бир түнөп калгысы келген жок. Ал токолун ээрчитип, жүк артылган эки эшегин жетелеп алып, жолго чыкты. Ошентип, алар Жебуска, башкача айтканда Иерусалимге жакындап келишти. 11Алар Жебуска чукулдап калышканда күн олтура баштады. Ошондо малай бала кожоюнуна:
– Жебустардын мына бул шаарына бурулуп, ушул жерде түнөп калсак кантет? – деп калды.
12– Жок, – деди кожоюну, – ысрайыл элине жат болгон бөтөн элдин шаарына кирбейбиз. Андан көрө Гибага жетип алалы. 13Анан леби сөзүн улап, малай балага:
– Андан көрө Гибага же Рамага жетип алалы, ошол эки шаардын биринде түнөп калабыз, – деди.
14Алар сапарын улантып, бенжамин жериндеги Гиба шаарына жакындап келишкенде, күн батып кеткен эле. 15Ошондуктан түнөп кетели деп Гибага бурулушту. Шаар аянтына келип олтурушту, бирок аларды эч ким үйүнө түнөгөнгө чакырган жок.
16Каш карайып калган убакта бир аксакал талаадан кайтып келе жатты. Ал киши Эпрайым тоолорунан журт оодарып келип, Гибада келгин болуп жашап калган. Бул калаанын жергиликтүү калкы болсо бенжаминдер эле. 17Абышка шаар аянтында олтурган мусаапырларды байкап калып, лебиден:
– Кайдан келдиңер? Кайда баратасыңар? – деди.
18– Биз Иуданын Бейт-Лехем шаарынан келе жатабыз. Өзүбүз жашаган алыскы Эпрайым тоолорундагы жерибизге бара жатабыз. Иудадагы Бейт-Лехемге барганбыз, эми болсо Жараткан Эгенин үйүнө#19:18 Ал заманда Эгедердин жолугушуу чатыры Эпрайым тоолорундагы Шилодо турган. (18:31). Бул леби да Эпрайым тоолорунда жашачу (19:1). кайтып баратабыз. Бирок эч ким бизди үйүнө түнөккө чакырган жок. 19Эшектерибиздин жем-чөбү бар. Менин, мына бул күңүңүз менен малай баланын да жээр наны менен ичер шарабы жанында. Керектүүнүн баары бизде бар. 20Карыя:
– Кам санаба! Бардыгына мен кам көрөм. Көчөдө түнөбөсөңөр эле болду! – деди.
21Анан аларды үйүнө ээрчитип барып, эшектерине чөп салды. Коноктор буттарын жуугандан кийин, тамактана башташты.
22Алар көңүл ачып олтурушканда, шаардын бузулган адамдары үйдү курчап алып, эшикти тарсылдата ургулап, карыяга:
– Үйүңө келген кишини сыртка чыгар, биз ага жакындайбыз! – деп айтышты. 23Үйдүн ээси сыртка чыгып:
– Туугандар, жамандык кылбагыла! Ал менин үйүмө келген киши, андай ыпылас иш кылбагыла! – деп суранды. 24– Мына, менин күйөөгө тие элек кызым бар, тиги кишинин болсо токолу бар. Ошолорду сыртка чыгарып берейин, аларга өз каалаганыңардай кылгыла. Бирок бул кишиге андай ыпылас ишти кылбасаңар экен! 25Бирок тиги кишилер ага кулак салышкан жок. Ошондо леби өз токолун түртүп аларга чыгарып берди. Алар аялды түнү бою, таң атканча зордуктап, кордошту. Таң ата баштаганда гана аны коё беришти. 26Таң атып калганда аял кожоюну түнөп калган карыянын үйүнө келди. Ал каалганын алдына кулап, күн чыкканча жатып калды. 27Эртең менен кожоюну камданып, жолго чыгуу үчүн эшикти ача бергенде, каалганын артында босогого колун сунган бойдон жаткан токолун көрдү. 28Ал токолуна:
– Тур, кетели, – деп айтты. Бирок жооп болгон жок.
Леби аны эшегине артып, үйүнө жөнөдү. 29Үйүнө келгенде бычагын алып, өлгөн токолун он экиге мүчөлөп бөлүп, бүт Ысрайыл аймагына таратып жиберди. 30Муну көргөндүн баары: «Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккан убактан ушул күнгө чейин мындай шумдук иш болгон эмес. Бул тууралуу ойлонуп, акылдашып, анан эмне кылуу керектигин сүйлөшөлү» дешти.

Currently Selected:

Бийлер 19: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

Video for Бийлер 19