YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 16

16
Шимшон Газа шаарында
1Бир күнү Шимшон пелиштилердин шаары Газага барды. Ал жерде аягы суюк бир аялды көрүп калып, аны менен түнөп калды. 2«Шимшон мында келиптир!» деген сөздү газалыктар укканда, ошол жерди дароо курчоого алышты. Алар шаар дарбазасынын алдына чогулуп: «Жерге жарык түшкөнчө күтөлү. Анан аны кармап, көзүн тазалайбыз» дешип, аңдып олтурушту. 3Шимшон болсо түн жарымына чейин эле жатты. Түн ортосунда туруп, шаар дарбазасын кашектери, кулпулары менен сууруп алып, жонуна артты да, Хевронго бараткан жолдогу бир дөңдүн үстүнө алпарып таштап салды.
Шимшон жана Далида
4Көп өтпөй Шимшон Сорек өрөөнүндө жашаган Далида ысымдуу бир кызга ашык болуп калды. 5Бир күнү Далидага пелишти бектери келип:
– Амалга салып, Шимшондун зор күчүнүн сыры эмнеде экенин, аны кантип байлап, моюн сундуруш керектигин билип берсең, ар бирибиз сага 1 100 шекелден күмүш беребиз, – дешти. 6Ошондо Далида Шимшонго:
– Жаным, зор күчүңдүн сырын мага айтып берчи. Сени кантип байлап, баш ийдирсе болот? – деп суранды.
7– Эгерде мени жаанын тарамыштан жасалган, кургай элек жети кабат кермеси менен байласа, күчүм кетип, эл катары эле болуп калам, – деп Шимшон жооп берди. 8Ошондо пелишти бектери жаанын жети кермесин кызга алып келип беришти. Далида ошол кермелер менен Шимшонду байлап салды. 9Бул убакта башка бөлмөдө бир нече пелиштилик киши аны кармамакчы болуп бугуп олтурушту. Бир маалда Далида:
– Шимшон! Пелиштилер келе жатышат! – деп бакырып жиберди. Шимшон ордунан тура калып, жаанын кермелерин от тийген кендир жибиндей кылып үзүп салды. Ошентип, анын күчүнүн сыры ачылбай калды.
10– Сен мени алдап, калп айткан турбайсыңбы! – деди Далида. – Деги айтчы, сени эмне менен байласа болот?
11– Эгерде мени колдонулбаган жаңы аркандар менен байласа, катардагы эле адамдардай алсыз болуп калам. 12Далида жаңы аркандарды таап келип, Шимшонду байлап салды. Бул арада бир нече пелиштилер башка бөлмөдө кайрадан бугуп жатышкан. Бир маалда Далида:
– Шимшон! Пелиштилер келе жатышат! – деп чыңырып жиберди. Шимшон тура калып, колдорун байлаган аркандарды жип үзгөндөй үзүп салды.
13– Сен дагы эле мени алдап, калп айтып жаткан турбайсыңбы. Деги айтчы, сени эмне менен байласа болот? – деди Далида.
– Эгерде жети тутам чачымды өрмөккө аркак менен согуп токуп, анан өрмөктүн өзүн казык менен жерге кагып салса, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам, – деп жооп берди Шимшон.
14Шимшон уктап калганда, Далида анын чачтарын өрмөккө кошуп токуп, өрмөктү болсо казык менен жерге кагып салды. Анан:
– Шимшон! Пелиштилер келе жатышат! – деп кыйкырып жиберди. Шимшон чочуп ойгонуп, өрмөктү түбү менен жулуп салды.
15Ошондо Далида Шимшонго:
– «Сени сүйөмүн» деп кантип айтып жатасың?! Жүрөгүң менден алыс турбайбы! Сен мени үч ирет алдап, күчүңдүн сырын айтпай койдуң! 16Далида күн сайын анын мазесин кетирип, жанын сууруп алчудай болду. 17Ошондо Шимшон ага жүрөгүндөгү сырын ачып берди:
– Менин башыма эч качан устара тийген эмес. Анткени мен энемдин курсагында жатканымда эле Кудайга багышталган назирмин. Эгерде чачымды кырып салышса, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам. 18Шимшон ага бүт сырын айтып бергенин түшүнүп, Далида пелишти бектерине киши жиберип: «Дагы бир жолу келгиле. Ал мага сырын ачып берди», – деп айттырды. Ошондо пелишти төрөлөрү убада кылган күмүштөрдү алып, Далидага келишти.
19Далида Шимшондун башын тизесине жаздантып, уктатып койду. Анан бир кишини чакырып, Шимшондун жети тутам чачын кырктырып салды. Ошондо анын күчү кетип, алсырап калды. 20Бир маалда Далида:
– Шимшон! Пелиштилер келе жатышат! – деп кыйкырып жиберди. Шимшон ойгонуп кетти. Ал: «Мурдагыдай эле бир жулкунуп, кутулуп кетем», – деп ойлоду. Бирок Жараткан Эге андан кетип калганын билген жок. 21Пелиштилер аны кармап, көздөрүн оюп салышты. Анан Газага алып келип, жез чынжырлар менен кишендеп салышты. Ал абактагы тегирмен ташын айлантып жатты. 22Ошол арада анын кыркылган чачтары кайрадан өсө баштады.
Шимшондун акыркы эрдиги
23Бир күнү пелишти төрөлөрү өз кудайы Дагондун урматына чоң той берип: «Душманыбыз Шимшонду кудайыбыз колубузга салып берди», – деп кубанып жатышты. 24Эл да Шимшонду көргөндө:
Жерибизди кыйраткан,
Көп адамды мерт кылган,
Душманды колго түшүрдү,
Айланайын кудайымдан, –
деп өз кудайын даңктап жатышты. 25Алар кызып, көңүлү көтөрүлүп калган убакта:
– Шимшонду алып келгиле! Ал бизге тамаша куруп берсин! – деп кыйкырышты. Жигиттер Шимшонду абактан алып чыгышып, элге тамаша куруп берсин деп, тирөөчтөрдүн ортосуна тургузуп коюшту. 26Шимшон өзүн жетелеп келген балага:
– Үйдү көтөрүп турган тирөөчтөрдү карматып койчу, аларга жөлөнүп алайын, – деди.
27Үйдүн ичинде эркек-аял болуп эл толтура эле. Пелиштилердин бектери түгөл мында келишкен. Имараттын үстүндөгү ачык жерге чыгып алган үч миңдей эркек менен аялдар ортодогу Шимшонду тамаша кылып жатышты. 28Бир маалда Шимшон Жараткан Эгеге жалынып:
– О Эгедерим, Жараткан Эге! Мени эстей көр! Суранам, мага дагы бир жолу күч бер, о Кудайым! Эки көзүмдү оюп алганы үчүн пелиштилерден бир дем менен өчүмдү алайын! – деп жалынды. 29Шимшон имараттын ортоңку эки тирөөчүнүн ортосунда турган. Ал ошол тирөөчтөрдүн бирине оң колун, экинчисине сол колун коюп, тиренип туруп:
30– Ушул пелиштилерди ала жатайын! – деп, тирөөчтөрдү болгон күчү менен түртүп жиберди. Ошондо үй кулап, ичиндеги бектерди да, бүт элди да басып калды. Ошентип, Шимшон өлөрүндө өлтүргөн жоонун саны ал өмүр бою өлтүргөн жоонун санынан ашып түштү. 31Мындан кийин Шимшондун бир туугандары жана бүт ата уругу келип, анын сөөгүн алып кетишти. Аны Сора менен Эштаулдун ортосундагы атасы Манояктын жанына коюшту.
Ал Ысрайылда жыйырма жыл бий болуп турган.

Currently Selected:

Бийлер 16: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in