YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 12

12
Ыптах менен эпрайым уруусунун согушу
1Ошол күндөрү эпрайымдар чогулуп, Иордандын аркы өйүзүнөн Сапонго өтүп келишти. Алар Ыптахка:
– Неге сен бизди да чакырбай, аммондор менен согушканы өзүң эле кетип калдың? Ушинткениң үчүн сени үй-жайың менен чогуу өрттөп жиберелиби?! – дешти.
2– Менин элим менен аммондордун ортосунда катуу чыр чыкканда силерди чакырдым, – деди Ыптах. – Бирок өзүңөр келип, бизди алардан куткарган жоксуңар. 3Силерден жардам болбосуна көзүм жеткен соң, өмүрүмдү тобокелге салып, аммондорго кол салдым. Жараткан Эге аларды менин колума салып берди. Эми силер неге мени менен согушканы келдиңер? 4Ошондо эпрайымдар Гилат элине:
– Эй, гилаттыктар! Силер болгону эпрайымдан качып чыккан качкынсыңар. Керек болсо силер эпрайым менен менашенин жеринде жашап жүрөсүңөр, – дешти. Ошондо Ыптах бүт Гилат элин кайра чогултуп, эми эпрайымдар менен салгылашып, аларды талкалап салды. 5Анан гилаттыктар Иордандын кечүүсүн басып алып, эпрайымдардын жолун тосуп коюшту. Эпрайымдын аман калган качкындары келип: «Аркы өйүзгө өтүп кетейин» деп суранганда, гилаттыктар андан: «Сен эпрайым болуп жүрбөгүн» деп сурап жатты. Эгерде ал «Жок» деп жооп берсе, 6алар тигиге: «Кана, андай болсо «Шибболет» деп айтчы» деп буйруп жатышты. Анткени эпрайымдар «Шибболет» деген сөздү так айта алышчу эмес. Тили келбей «Сибболет» деп айтып алган адамды ошол эле кечүүдө өлтүрүп жатышты. Ошол күнү эпрайым уруусунан 42 000 киши курман болду.
7Гилаттык Ыптах ысрайыл элинде алты жыл бий болду. Ал көз жумганда, сөөгү Гилаттагы өз шаарына коюлду.
Ипсан, Элон жана Абдон бийлер
8Ыптах бийден кийин бейт-лехемдик Ипсан Ысрайылга бий болду. 9Анын отуз уул, отуз кызы бар эле. Ал отуз кызын сыртка күйөөгө берип, отуз уулуна да келинди сырттан алган болчу. Ипсан Ысрайылда жети жыл бийлик кылды. 10Анан ал да каза болуп, сөөгү Бейт-Лехемге коюлду.
11Ипсан бийден кийин забулун уруусунан Элон Ысрайылда бий болду. Ал он жыл бийлик кылды. 12Анан забулундук Элон да көз жумуп, сөөгү Забулун аймагындагы Аялондо жерге берилди.
13Элон бийден кийин Пиратон шаарынан Хилел уулу Абдон бий болду. 14Анын кырк уулу, отуз небереси бар эле. Алардын баары жетимиш эшекке минип жүрүшчү. Абдон Ысрайылда сегиз жыл бийлик кылды. 15Пиратондук Хилел уулу Абдон бий каза болгондо, анын сөөгү Эпрайым уруусунун жеринде жайгашкан Амалик тоолору деп аталган жердеги Пиратон шаарына коюлду.

Currently Selected:

Бийлер 12: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in