YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 11

11
Ыптах бий
1Гилаттык Ыптах эр жүрөк киши эле. Ал аягы суюк аялдан төрөлгөн эле, атасынын аты Гилат болгон. 2Гилаттын никелүү аялынан төрөлгөн уулдары да бар эле. Алар эр жеткенде:
– Сен бөлөк аялдан туулгансың, ошондуктан атабыздын мураскору боло албайсың, – деп кысымга алышып, Ыптахты кетүүгө аргасыз кылышты. 3Ошондо Ыптах бир туугандарынан оолак кетип, Тоб жеринде жашап калды. Ал жанына оңбогон адамдарды чогултуп алып, каракчылык жортуулдарга чыгып жүрдү.
4Бир канча убакыттан кийин аммондор ысрайыл элине согуш ачты. 5Аммондор ысрайыл элине кол салганда, Гилат аксакалдары Ыптахты алып келүү үчүн Тобго жөнөп кетишти. 6Алар Ыптахка келип:
– Жүр биз менен! Биздин аскер башчыбыз бол, аммондор менен согушабыз! – деп суранышты.
7– Мени жек көрүп, ата журтумдан кубалап салган силер эмес белеңер? – деп жооп берди Ыптах, – эми башыңарга кырсык түшкөндө мага неге келдиңер?! 8Бирок Гилат аксакалдары Ыптахка:
– Ошого карабастан алдыңа түшүп келип олтурабыз. Биз менен барып, аммондор менен согуш, бүт Гилат элине өзүң баш бол, – дешти.
9– Макул, силерге кошулуп аммондор менен согушайын дейли. Эгерде Жараткан Эге душмандарымды колума салып берсе, чындап эле силердин башчыңар боломунбу? – деп Ыптах кайрадан сурады.
10Гилаттын аксакалдары бир добуштан ага:
– Ортобузда Кудай күбө, сен айткандай кылабыз, – деп жооп беришти.
11Ошентип, Ыптах Гилат аксакалдары менен жөнөп кетти. Эл аны журт башчы да, аскер башчы да кылып алды.
Ыптах болсо аксакалдардын убадасын Миспада Жараткан Эгеге айтып берди.
12Анан Ыптах аммон элинин падышасына элчилеринен:
– Менин жериме кол салгыдай кандай дооң бар эле?! – деп айттырып жиберди.
13Аммон падышасы Ыптахтын элчилери аркылуу:
– Ысрайыл эли Мисирден чыгып келгенде Арнон дарыясынан тартып, Жабок дарыясы менен Иордан дарыясына чейинки жерлеримди тартып алган. Эми ошол жерлерди мага тынчтык менен кайтарып бер, – деп жооп жөнөттү. 14Ыптах элчилерин аммон падышасына кайра жөнөттү:
15– Ыптахтын айтканын угуп ал! Ысрайыл эли ал жерлерди мааптан да, аммондон да тартып алган эмес. 16Анткени Ысрайыл Мисирден чыгып, чөл кезип келе жатканда Камыш деңизи аркылуу өтүп, Кадешке келген. 17Ошондо Эдом элинин падышасынын алдына элчилерин жиберип: «Сиздин жериңиз аркылуу өтүп кетүүгө уруксат берсеңиз экен» деп суранган болчу. Бирок Эдом падышасы Ысрайылдын өтүнүчүн четке какты. Маап падышасына да Ысрайыл ошол эле өтүнүчүн жиберген, бирок ал да уруксат бербей койду. Ошентип, Ысрайыл Кадеште туруп калууга аргасыз болду. 18Айла кеткенде алар чөл аркылуу Эдом менен Маап жерлерин айланып өтүп, Мааптын чыгыш тарабына – Арнон дарыясынын аркы жээгине конуш курду. Ысрайылдар маап элинин жерине аяк баскан жок, анткени Арнон дарыясы Мааптын чек арасы болчу. 19Ысрайыл эми Хешпондо бийлик кылган амор падышасы Сихонго:
– Сиздин жериңиз аркылуу өз жерибизге өтүп кетүүгө уруксат бериңиз, – деп айттырып элчилерин чаптырды. 20Бирок Сихон өз жеринен ысрайылдарды өткөргөндөн кооптонду. Ал кол курап келип, Жахазга ордосун орнотту да, Ысрайылга кол салды. 21Бирок Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы Сихонду кошууну менен чогуу ысрайылдардын колуна салып берди. Алар душманды ойрон кылып, ошол чөлкөмдө жашаган аморлордун жерлерин басып алышты. 22Алар Арнон дарыясынан баштап, Жабок дарыясына чейин, чыгыштагы чөлдөн, Иордан дарыясына чейинки амор элинин бүт жерлерин басып алышты. 23Эми өзүң айтчы, Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы Өзү ал жерлерди амор элинен тартып алып, Өз эли Ысрайылга берип койсо, сен аны бизден тартып алганга акың барбы? 24Андан көрө, өзүңөрдүн кудайыңар Кемош берген жерге ээлик кыла бер. Биз болсо Жараткан Эге, өзүбүздүн Кудайыбыз берген жерге ээлик кылабыз. 25Сенин эмне, маап падышасы Сипор уулу Балактан да артык жайың бар беле? Деги ал Ысрайыл менен тирешип, аны менен согушканга батынды беле? 26Ысрайыл Хешпондо, Ароерде жана алардын айланасындагы шаарларда, Арнон дарыясынын жээктеринде 300 жылдан бери жашап келе жатат! Ал жерлерди ошол убактан бери эмне үчүн кайтарып алган жоксуңар?! 27Мен сага эч кандай жамандык кылган жокмун, сен болсо мага согуш жарыялап, кастык кылып жатасың. Жараткан Эге Өзү Сот! Ысрайыл менен аммон элинин ортосундагы доону бүгүн Ал Өзү чечип берсин! 28Бирок аммон падышасы Ыптахтын киши жиберип айттырган сөзүнө кулак салбай койду.
Ойлонбой берилген анттын кесепети
29Ошондо Жараткан Эгенин Руху Ыптахка түштү. Ал Гилат менен менаше жерлерин бүт кыдырып өтүп, Гилаттагы Миспага кайтып келди. Ал жерден алар аммон менен согушууга бет алды. 30Ошол күнү Ыптах Жараткан Эгеге мындай деп ант берди:
– Эгерде Сен аммондорду менин колума салып берсең, 31үйүмө аман-эсен кайтып келгенимде, менин алдымдан чыккан биринчи жанды Өзүңө арнап өрттөлүүчү курмандыкка чалам!
32Анан Ыптах аммондор менен салгылашканы аттанып жөнөп кетти. Жараткан Эге душманды анын колуна салып берди. 33Ал Ароерден Миниттин жанына чейин, ал тургай, Абел-Керамимге чейинки жыйырма шаарды жер менен жексен кылды. Ошентип, ысрайылдар аммондорду багынтты.
34Ыптах Миспадагы үйүнө кайтып келе жатканда, анын алдын тосуп, өз кызы дап кагып бийлеп чыкты. Ал Ыптахтын жалгыз перзенти эле, анын андан башка уулу да, кызы да жок болчу. 35Ыптах кызын көргөндө, кийимин айрып кыйкырып жиберди:
– Ой, шордуу кызым ай! Сен менин жүрөгүмдү канатып, кайгыга салдың го! Мен Жараткан Эгеге ант берип койбодум беле, эми сөзүмдү артка кантип алам!
36– Атаке, – деди кызы, – Сиз Жараткан Эгеге ант берип койгон болсоңуз, аны аткарыңыз. Анткени Ал жооңузду багынтып берип, сиз аммондордон өч албадыңызбы. 37– Менин бир гана өтүнүчүм бар: ата, мага эки ай мөөнөт бериңиз. Курбу кыздарым менен тоого барып, турмушка чыгуу мага буюрбаганын арман кылып ыйлап келейин. 38«Барагой», – деп Ыптах кызына уруксат берип, аны эки ай эркин койду. Кыз курбулары менен тоо таяп чыгып кетти. Ал өзүнө турмушка чыгуу буйрубаганын арман кылып ыйлады. 39Эки айдан кийин кыз атасына кайтып келди. Ыптах Жараткан Эгеге берген антын орундады. Ал эркек көрө эле кыз эле.
Ушул окуядан кийин Ысрайылда мындай салт пайда болду: 40жыл сайын Ысрайыл кыздары төрт күнгө тоого чыгып, гилаттык Ыптахтын кызын эскерип, төрт күн аза күтүшөт.

Currently Selected:

Бийлер 11: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in