Жакып 5
5
Байлар, байкагыла
1Байлар, силер эми ыйлагыла да боздогула, анткени башыңар азапка малына турган болду. 2Байлыгыңар чирип, кийимиңерди күбө жеди. 3Алтын, күмүшүңөрдү дат басты. Ал даттар силерди айыптоодо күбө болот да, денеңерди от сымал жок кылат. Силер байлыгыңарды ушул күнгө чейин чогултуп келдиңер! 4Талааңарда иштеген орокчулардын эмгек акысын төлөгөн жоксуңар. Алданган алар боздоп жатышат. Алардын боздогон үнү кудуреттүү Кудайдын кулагына жетти. 5Силер жер үстүндө дүнүйөгө марып, жыргап-куунап жашадыңар, сойгонго даяр семиз малдай болдуңар. 6Силер өзүңөргө каршылык кылбаган адилет адамдарды каралап, өлтүрдүңөр!
Чыдамдуу болуу жана сыйынуу
7Боордоштор, Эгебиз келгенге чейин чыдамдуу болгула. Мына, дыйкан деле жакшы түшүм бере турган күзгү, жазгы жамгырларды чыдамдуулук менен күтөт. 8Силер дагы чыдамдуу болуп, бекем тургула, анткени Эгебиздин келер убагына аз калды. 9Айып тартпаш үчүн бири бириңерди жамандабагыла. Мына, Айыптоочу босогодо турат.
10Кыйынчылык менен көпкө чыдоонун үлгүсүн Эгебиздин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан алгыла. 11Биз чыдагандарды бактылуу адамдар дейбиз. Силер Аюптун чыдамы жөнүндө уккансыңар жана аягында Эгебиз ага кандай кам көргөнүн көргөнсүңөр. Эгебиз кайрымдуу жана боорукер.
12Баарынан мурун, боордошторум, асман менен да, жер менен да, башка эч бир нерсе менен дагы ант бербегиле. «Ооба» дей турган кезде, «ооба» дегиле, «жок» дей турган кезде, «жок» дегиле, ошондо айыпкер болбойсуңар.
13Араңарда кыйналгандар барбы? Сыйынсын. Кубангандар барбы? Ырдасын. 14Оорулуулар барбы? Жыйын жетекчилерин чакырсын. Алар болсо Эгебиздин атынан майлап, ал үчүн сыйынышсын. 15Ишеним менен сыйынсаңар оорулуу сакаят: Эгебиз аны айыктырат. Эгер күнөө кетирген болсо, кечирилет.
16Ошондуктан бири бириңерге күнөөңөрдү айткыла жана айыгуу үчүн бир бириң үчүн сыйынгыла. Адилеттүү адамдын сыйынуусу чоң күчкө ээ. 17Илияс биздей эле адам болгон. Ал жамгыр болбосун деп катуу сыйынганда, жерге үч жарым жыл жамгыр жааган эмес. 18Анан жамгыр жаасын деп дагы сыйынганда, асмандан жамгыр жаап, жер түшүмүн берген. 19Боордошторум, араңардан бирөө акыйкаттан четтеп кетсе жана башка бирөө аны кайра кайтарса, 20анда билгиле: күнөөкөрдү жалган жолдон кайтарган адам анын жанын өлүмдөн алып калат да, далай күнөөлөрүнүн кечирилишине аралжы болот.
Currently Selected:
Жакып 5: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018