YouVersion Logo
Search Icon

Жакып 4

4
Дүйнө менен достошуу
1Силердеги талаш-тартыш менен пикир келишпестик кайдан чыгып атат? Алар дайыма күрөшүн токтотпогон денелик жыргалчылыкка умтулуудан эмеспи? 2Силер бир нерсени каалайсыңар, бирок алган жоксуңар, ошондуктан өлтүрүп, башкаларды көрө албай жатасыңар. Баары бир каалаганыңарга жеткен жоксуңар, ошондуктан пикириңер келишпей, талашып жатасыңар. Силер каалаганыңарды ала албай жатасыңар, анткени сурабай жатасыңар. 3Сурасаңар дагы албай жатасыңар, анткени алганыңарды өз жыргалыңарга колдонуу үчүн арам ой менен сурайсыңар. 4Эй, опаасыздар! Бул дүйнө менен дос болуу – Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби? Жалган дүйнө менен дос болгон адам Кудайга душман болот. 5Же Кудай ичибизге салган адамдык рух кумарларга толгон деп Ыйык Жазууда курулай эле жазылган дейсиңерби? 6Кудай кылган ырайым мындан да чоң. Ошол үчүн Жазууда минтип айтылат: «Кудай менменсингендерге каршы турат да, момундарга ырайым кылат».#4:6 Нак сөз. 3:34.
7Андыктан Кудайга моюн сунуп, ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат. 8Кудайга жакындагыла, Ал да силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, арам ишиңерди таштагыла, эки ойлуулар, ниетиңерди оңдогула. 9Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлкүңөр ыйга, кубанчыңар кайгыга айлансын. 10Эгебизге моюн сунгула, ошондо Ал силерди жогору көтөрөт.
Боордошуңду жамандаба
11Боордоштор, бир бириң жөнүндө жаман айтпагыла. Боордошуна жаман айткан же аны айыптаган адам Тоорат мыйзамын жамандап, айыптаганы. Эгер мыйзамды айыптасаң, анда аны аткаруучу эмес, айыптоочу болосуң. 12Мыйзам чыгаруучу да, Айыпка тартуучу да Бирөө. Ал куткара да, өлтүрө да алат. Ал эми башканы айыптай тургандай сен кимсиң?
Эртең эмне болот, ким билет?
13Эми «бүгүн-эртең баландай бир шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода-сатык кылып, олжо табалы», – дегендер, угуп тургула: 14силер эртең эмне болорун билбейсиңер. Өмүр деген эмне? Ал бир аз көрүнүп, анан жок болгон буу сымал. 15«Кудай каалап, аманчылык болсо, же аны, же муну кыларбыз», – дегендин ордуна, 16менменсинип, кекирейесиңер, минтип менменсинген такыр туура эмес. 17Ошондуктан туура ишти кандай кылууну билип туруп кылбай койсоңор, күнөөлүү болосуңар.

Currently Selected:

Жакып 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in