Галатиялыктар 4
4
Мурда кул элек, эми мураскор болдук
1Силерге айтайын дегеним бул: мураскор али бала кезинде баарына ээ болгону менен, кулдан эч айырмасы жок. 2Атасы белгилеген мезгил келмейинче, тарбиячылар менен үй башкаруучуларынын кароосунда жүрөт. 3Анын сыңары, биз да бала чагыбызда бул дүйнөнүн пайдасыз эрежелерине баш ийип келген элек. 4-5Бирок убагы келгенде, Кудай Өз Уулун жиберди. Тоорат мыйзамынын алдында жашагандарга боштондук алып бериш үчүн Ал кадимки эле аялдан төрөлүп, Кудай Аны Тоорат мыйзамынын алдына койду. Ошол аркылуу бизге Кудайдын балдары болууга жол ачылды. 6Силер Анын балдары болгондуктан, Кудай жан дүйнөңөргө Өз Уулунун Рухун салып, Ал ичиңерден: «Абба! Ата!»#4:6 Абба – арамейче – «ата». Каттын түп нускасында Пабыл эки сөздү тең: арамейчесин да, грекчесин да колдонгон. – деп чакырып жатат. 7Ошентип, силер мындан ары кул эмес, Кудайдын балдары болдуңар. Андай болсо, Кудай силерди мураскор да кылды.
8Бир кезде силер чыныгы Кудайды тааныбай, дегеле кудай болбогондорго кул болуп келгенсиңер. 9Бирок эми Кудайды таанып билгенде, же тагыраак айтканда, Кудай силерди өзүнүкү деп тааныганда, силер жанакы алсыз, эч пайдасы жок эрежелерге кайтып, кайрадан аларга кул болгуңар барбы? 10Силер диний салттарга ылайык атайын күндөрдү, айларды, мезгилдерди жана жылдарды сактоого аракеттенип жатасыңар. 11Мунуңарды көрүп, силерге жумшаган эмгегимдин баары бекер беле деп тынчым кетет.
Пабыл галаттарды өзүндөй болууга чакырат
12Боордошторум, өтө суранам, мендей болгулачы! Мен деле силердей болгон элем го. Силер мага эч бир жамандык кылган жоксуңар. 13Өзүңөр билгендей, силерге биринчи жолу келгенимде, ооруп жүргөнүмдөн улам гана араңарда калып, Жакшы Кабар тараткан элем. 14Бирок оорума чыдаш кыйын болсо да, силер менден жийиркенген да, жүз буруп кеткен да жоксуңар. Тескерисинче, Кудайдын периштесиндей, ал тургай Машаяк Ыйсанын Өзүндөй кабыл алган элеңер. 15Ошондогу кубанчыңар кайда кеткен? Ал кезде, керек болсо, мага өз көзүңөрдү оюп алып, берүүгө даяр экениңерди көрүп турбадым беле! 16Же чындыкты айтканым үчүн эми силердин душманыңар болуп калдымбы?
17Жанакы силердин көңүлүңөрдү алууга жанталашып жаткандардын ниети жакшы эмес. Алар силерди менден ажыратып, кайрадан өздөрүнө жагындыргысы бар. 18Бирөөнүн көңүлүн алуу, эгерде ал ак ниеттен келип чыкса чындыгында жакшы нерсе. Бул мен силердин араңарда болгонума гана эмес, бардык учурларга тиешелүү.
19Алда балдарым-ай! Силерден Машаяктын мүнөзү толук көрүнмөйүн, силер үчүн убайым жеп, мен кайра эле толгоосу келип, кыйналып жаткан энедей болуп отурам. 20Ушул кезде силердин жаныңарда болсом, жаным кашайбай, силер менен кантип сүйлөшүп, эмне дээримди билет элем го!
Биз рухий эркиндик үчүн туулганбыз
21Тоорат мыйзамынын алдында жашайм дегендерге бир собол таштайын: силер Тоорат мыйзамында эмне айтылганын уккан жок белеңер? 22Анда Ыбрайымдын эки уулу болгон деп жазылган. Алардын бири – күңдөн, бири – эркин аялдан туулган. 23Бирок күңдүн баласы адамдын эрки менен, эркин аялдын баласы Кудайдын убадасы менен туулган. 24Эми бул окуяны каймана түрдө алып көрсөк, эки аял эки келишимди билдирет. Алардын бири – балдары кулчулукта туулган Ажар – бул Синай тоосунда түзүлгөн келишим. 25Арабиядагы Синай тоосун элестеткен Ажар азыркы Иерусалим шаарын билдирет. Анын бүткүл калкы кулчулукта күн көрүүдө. 26Бирок асмандагы Иерусалим эркин. Ал биздин энебиз. 27Ыйык Жазууда мындай деп айтылган:
«Бир да жүктүү болбогон,
Бала төрөп көрбөгөн
Аялзаты, сүйүнгүн!
Толготпогон кыйналып
Аялзаты, кубанып,
Бийик чыгар үнүңдү!
Себеп десе, күйөөсү
Таштап кеткен аялдын
Күйөөсү бар аялдан
Көбүрөөк болот баласы».#4:27 Ышая 54:1.
28Эми, боордошторум, силер да, Ыскакка окшоп, Кудайдын убадасы аркылуу Анын балдары болдуңар. 29Ал кезде адам эрки менен туулган уул Кудай Рухунун убадасы менен туулган уулду кодулагандай, биз да азыр куугунтукталып жүрөбүз. 30Бирок Ыйык Жазуу эмне дейт? «Күңдү баласы менен кошо кууп жибер, анткени күңдүн баласы эркин аялдын баласындай мураскор болбойт».#4:30 Башт. 21:10. 31Ошентип, боордошторум, биз күңдүн балдары эмес, эркин аялдын балдарыбыз.
Currently Selected:
Галатиялыктар 4: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018