YouVersion Logo
Search Icon

Галатиялыктар 5

5
Эркиндигиңерди сактагыла
1Машаяк бизге эркиндик берип, биз эми эркинбиз! Эркиндигиңерди колдон чыгарбай, өзүңөрдү кайрадан кул болуудан сактагыла.
2Уккула, мен, Пабыл, силерге мындай дейм: эгерде силер сүннөткө олтургузууга макул болсоңор, анда Машаяктын кылганы силер үчүн бардык маани-маңызын жоготот. 3Дагы эскертем: ким сүннөткө олтургузулса, ал Тоорат мыйзамын да толугу менен аткарууга милдеттүү болуп калат. 4Тоорат мыйзамы аркылуу акталам дегендер, силер өзүңөрдү Машаяктан ажыратып, Кудайдын ырайымынан кур жалак калдыңар. 5Биз болсо ишенимге ээ болуп, Рухтун колдоосу менен Кудайдан келе турган акталууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. 6Ыйса менен бирге болсок, анда сүннөткө олтурган-олтурбаганыбыздын эч мааниси жок. Маанилүүсү – сүйүү аркылуу көрүнгөн ишенимибиз гана.
7Силер жакшы бараттыңар эле, чындыкка шек келтирип, жолуңарды бөгөгөн ким? 8Албетте, силерди Өзүнө чакырып алган Кудай эмес. 9«Бир кумалак бир карын майды чиритет» деген сөздү унутпагыла. 10Кантсе да, Эгебиз менен бирге болгонубуздан улам, мен силердин башка ойго өтүп кетпесиңерге ишенем. Ал эми силерди адаштырып жаткан ким болбосун, ал өзүнүн тийиштүү жазасын алат.
11Боордошторум, эгерде мен дагеле сүннөткө олтургузуунун керек экенин жарыялап жаткан болсом, анда неге дагеле куугунтукта жүрөм? Ошондой болсо, Машаяктын айкаш жыгачын жар салганым эч кыйынчылык туудурбайт эле го. 12Башыңарды айландырып жаткандар өздөрүн биротоло бычып салышса болмок!
Рухтун жетегинде жашагыла
13Боордошторум, Кудай силерди эркин болууга чакырган. Бирок эркиндигиңерге шылтап, өзүңөрдү күнөөлүү табиятыңардын кумарын кандырууга жумшабагыла! Андан көрө, бири бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла. 14Анткени бүтүндөй Тоорат мыйзамы «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»#5:14 Леб. 19:18. деген сөзгө камтылган. 15Ал эми бири бириңди жутуп ийчүдөй болуп, кемирип-кесе берсеңер, абайлагыла, акыры бириңди бириң жок кылып тынасыңар.
16-17Ошондуктан силерге айтарым: күнөөлүү табиятыңардан чыккан кумарларга берилип кетпес үчүн, Рухтун жетегине баш ийип жашагыла, себеп дегенде күнөөлүү табиятыбыздын каалаганы – Рухка, Рухтун каалаганы – күнөөлүү табиятыбызга каршы. Алардын каршылашканынан улам силер өз каалаганыңарды кыла албайсыңар. 18Рухтун жетегинде болсоңор, анда силер Тоорат мыйзамынын алдында эмессиңер.
19Күнөөлүү табиятыбыздын кылыктары белгилүү. Бул – бузукулук, ыпластык, уятсыздык, 20бутпарастык, көз боёмочулук, касташуу, уруш-талаш, кызгануучулук, кыжырлануу, кекирейгендик, жик салгандык, бөлүнүүчүлүк; 21көрө албастык, масчылык, айбанчылык жана башка ушул өңдүүлөр. Мурда эскерткенимдей, дагы эскертем: мындай кылгандар Кудай Падышачылыгына мураскор боло албайт.
22-23Рухтун жемиштери болсо сүйүү, кубаныч, тынчтык, сабырдуулук, кайрымдуулук, кең пейилдик, ишенимдүүлүк, мээрбандык, өзүн өзү кармай билүү. Буларга каршы мыйзам жок. 24Ким Ыйса Машаякка таандык болсо, ал өзүнүн күнөөлүү табиятын бардык кумар-ышкылары менен кошо айкаш жыгачка керип салган. 25Биз Рух аркылуу өмүргө ээ болгон соң, өзүбүздү толугу менен Рухтун жетегине тапшырып жашайлы! 26Ошентип, кекирейбейли, бири бирибизди ызалантпайлы жана бири бирибизге көрө албастык менен мамиле кылбайлы.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in