Элчилер 17
17
Тесалоника шаарындагы куугунтук
1Пабылдар Амфиполис жана Аполониядан өтүшүп, Тесалоникага келишти. Анда иудейлердин синагогасы бар эле. 2-3Пабыл адатынча үч дем алыш катары менен синагогага келип, аларга Машаяктын курман болуп, анан кайрадан тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу Ыйык Жазуулардагы ишенимдүү далилдердин маанисин ачып, түшүндүрүп берди. «Мен ушунда жазылган Ыйсаны силерге айтып берип жатам», – деди ал. 4Бир топ адам ишенимге келип, Пабыл менен Силанын айтканын кабыл алышты. Алардын арасында Кудайга табынган иудей эместер жана шаардын атактуу аялдары бар эле. 5Бирок иудейлер көрө албастык кылып, базардагы бейбаштардын бир нечесин топтоп, шаарды дүрбөтүштү. Алар Жасондун үйүнө жулунган бойдон жетип келип, андан Пабыл менен Силаны топураган элдин алдына чыгарууну талап кылышты. 6Бирок аларды таппай, Жасонду шаар башчыларынын алдына жулкулдатып, сүйрөп келишти. Алар: «Элди бөлүп-жарган булар биз жакка да жетип келишиптир. 7А мына бул Жасон болсо, аларды үйүнө киргизиптир. „Ыйса деген башка дагы бир падыша бар!“ дешип, Рим падышасынын бийлигине каршы чыгып жатышат!» – деп бакырышты. 8Муну укканда, жыйылган эл менен шаар башчыларынын тынчы кетти. 9Анан Жасон менен анын жанындагылардан акча алып, үйлөрүнө коё беришти.
Берея шаарындагы жылуу мамиле
10Ошол эле түнү Пабыл менен Силаны ишенүүчүлөр тезинен Береяга жөнөтүштү. Пабыл менен Сила Береяга жетери менен иудей синагогасына барышты. 11Бул жердиктер Тесалоникадагыларга караганда бир топ акыл-эстүүрөөк экен. Алар Кудайдын кабарын чын ыкласы менен кабыл алып, ырас эле ушундай бекен дешип, Ыйык Жазууларды күндө ынтызарлык менен карап, териштирип окушту. 12Ошондуктан алардын көбү ишенимге келишти. Арасында башка улуттагы аттуу-баштуу аял-эркектер да бир топ болчу.
13Пабыл Береяда да Кудай сөзүн жарыялап жүрөт деп уккан Тесалоникадагы иудейлер ал жакка жетип келип, элди дүрбөлөңгө салышты. 14Ошондо ишенгендер Пабылды болушунча деңиз тарапка, алыс кетип калууга көндүрүштү. Сила менен Тиметей болсо, ал жакта калды. 15Пабылды коштогондор аны Афинге чейин узатып барышты. Пабылдан: «Сила менен Тиметей тезирээк мага келип калышсын!» деген тапшырманы алышкан соң, кайра жолго чыгышты.
Пабыл философтордун арасында
16Пабыл Афинде Сила менен Тиметейди күтүп жүрүп, шаардын жасалма буркандарга толуп кеткенин көрүп, ичинен аябай ачууланып, капа болду. 17Ошондуктан ал синагогада иудейлерге, Кудайга табынган башка улуттун адамдарына, ошондой эле борбордук аянтта аны уккусу келгендерге күн сайын Кудайдын кабарын айтып жүрдү. 18Ошондо эпикурей жана стоик философиясын жактаган мугалимдер аны менен талаша кетишти. Айрымдары: «Мына бу „булбул“ эмне деп сайрап жатат?» – дешсе, айрымдары: «Бул биз билбеген кудайга үгүттөп жүрөт окшойт!» – дешти. Анткени Пабыл Ыйса жана Анын кайра тирилүүсү тууралуу айтып жүргөн. 19Анан Пабылды Ареопаг аянтына алып келишти да:
– Бу сен таратып жүргөн жаңы окуу жөнүндө билсек болобу? 20Мурда такыр кулагыбыз укпаган кызык кепти сенден угуп жатабыз го? Ошонун маанисин түшүндүрүп берчи! – дешти.
21Афиндиктер менен ошол шаарда жашаган чет элдиктер жаңы ойлорду айткандан же уккандан башка эч нерсе кылышчу эмес. 22Ошондо Пабыл Ареопаг аянтында көпчүлүктүн алдына чыгып, мындай деп сөз сүйлөдү:
– Кымбаттуу афиндик агайындар! Сиздердин абдан динчил экениңиздерди байкадым. 23Силер табынган жайларды аралап жүрүп, «Белгисиз Кудайга» деген жазуусу бар курмандык жайды көрдүм. Мына ошол өзүңөр билбей туруп, табынып жүргөн Кудайды мен азыр силерге айтып берейин.
24Кудай ааламды жана андагынын баарын жаратып, асман-жердин ээси болуп туруп, адам баласынын колунан жаралган ийбадатканаларда жашабайт. 25Адам баласынын колунан келчү кызматтарга да муктаж эмес. Тескерисинче, баарына өмүр, дем берип, муктаждыктарын канааттандырып турган ошол. 26Бүткүл жер жүзүнө таралсын деп, бир адамдан бардык улуттарды чыгарган. Алардын өмүр сүрүү мөөнөттөрү менен жашай турган жерлеринин чегин алдыртан аныктап койгон. 27Адамдар Аны издешсин, сезишсин деп ушундай кылган. А бирок, чынында, Кудай биздин эч кимибизден алыс эмес. 28Биз Анын кучагында жашап, Анын ичинде кыймылдап, тиричилигибизди кылып, Анын жүрөк толтосунда турабыз. Силердин айрым акыныңар айткандай: «биз да анын тукумубуз». 29Демек, биз Кудайдын тукуму болуп туруп, Кудайдын табиятын алтын-күмүшкө, ташка теңеп, Аны пенденин акылы менен өнөрүнөн жаралган нерсеге окшош деп ойлобошубуз керек.
30Кудайды тааныбастыктын, караңгылыктын дооруна көз жумуп, Кудай азыр бардык жерде, бардык адамдарга: «Ниетиңерди өзгөрткүлө!» – деп жарыялап жатат. 31Анткени Ал Өзү дайындаган бир Адамынын колу менен бүт адамзатка адилет сот жүргүзө турган күндү белгилеп койгон. Бүткүл адамзаттын алдында мунун далили катары ошол Адамды өлүмдөн тирилтти.
32Өлүмдөн тирилүү тууралуу укканда, кээси мыйыгынан күлсө, кээси «мунуңду кийин дагы угабыз» дешти. 33Ошондо Пабыл алардан кетип калды. 34Бирок бир нече киши анын айтканына кошулуп, ишенимге келишти. Ишенгендердин арасында Ареопагдын мүчөсү – Дионис, Дамар деген аял жана башкалар бар эле.
Currently Selected:
Элчилер 17: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018