Элчилер 18
18
Корунт шаарында
1Ушундан соң, Пабыл Афинден чыгып, Корунтка келди. 2Корунттан Акила деген бир эврейге кезикти. Ал өзү Рим империясына караштуу Понт деген шаарда төрөлгөн киши болчу, бирок падыша Клавдийдин: «эврейлердин баары Римден кетишсин!» деген буйругунан улам жакында эле Италиядан аялы Прискила экөө көчүп келишкен эле. 3Пабыл аларды көргөнү барып, кесиптеш болгондуктан, ал экөө менен бирге чатыр жасап, чогуу туруп калды. 4Анан ар дем алыш сайын синагогага барып, эврейлерди да, башка улуттагыларды да ишендирүүгө аракет кылды.
5Македониядан Сила менен Тиметей келгенде, Пабыл бардык убакытын Жакшы Кабар таратууга арнап, иудейлерге Ыйсанын Машаяк экенин далилдеп жүрдү. 6Качан гана алар каршы чыгып, тил тийгизгенде, чапанынын чаңын кагып:
– Өз убалыңар өзүңөргө, мен силер үчүн жооп бербейм! Эми мен башка улуттагыларга барам! – деди.
7Ошентип, алардан кетип, Ыйсанын Титий Жуст деген эврей эмес шакиртинин үйүндө жашап калды. Анын үйү синагоганын жанында эле. 8Синагога башчысы Крисп бүт үй-бүлөсү менен Эгебиз Ыйсанын жолуна түштү. Ошондой эле Корунтта жашаган дагы көптөгөн адамдар Жакшы Кабарды эшитип, ишенимге келишип, сууга чөмүлүштү.
9Бир түнү Пабыл аян көрдү. Эгебиз ага: «Коркпо, Пабыл, сүйлөй бер, эч токтобо. 10Мен сени менен бирге болом. Эч ким сага зыян кыла албайт, себеби бул шаарда Менин адамдарым көп», – деди. 11Ошондуктан Пабыл Кудай сөзүн окутуп, бир жарым жылдай ошол жерде жашап калды.
12Ахая аймагына Галион губернатор болуп турган кезде, иудейлер чогулуп алып, Пабылды кармап, сот мекемесине сүйрөп алып келишти.
– 13Бул адам биздин касиеттүү диний мыйзамыбызга туура келбеген жол менен Кудайга табынууну үгүттөп жүрөт, – дешти алар.
14Пабыл эми сүйлөйүн дегенде, Галион иудейлерге:
– Эгер бул киши бир кылмыш кылды же тартип бузду десеңер, арызыңарга көңүл бурмакмын. 15Бирок биерде кайсы бир мага тааныш эмес сөздөр, ысымдар жана өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө кеп болуп жаткан соң, аны өзүңөр талдап чыккыла. Мен мындай маселени карагым келбейт, – деди.
16Ушундай деп, аларды мекемеден айдап чыкты. 17Анан баары синагога башчысы Состенди кармап алып, мекеменин так астында ура кетишти. Галион болсо билмексенге салып, аларды карап да койгон жок.
Прискила, Акила жана Апол
18Пабыл Корунтта бир топ убакыт турган соң, ал жердеги боордоштор менен коштошуп, Прискила менен Акиланын коштоосунда Сирия тарапка кеме менен жөнөп кетти. Кудайга берген назир антын сактап, Кеңхреяда чачын алдырды. 19Эфеске келишкенде, Пабыл Прискила менен Акиладан бөлүндү да, синагогага барып, иудейлер менен чындыкты талашты. 20Алар Пабылдын көбүрөөк убакытка калуусун суранышты, бирок ал: 21«Кудайдын эрки болсо, дагы келермин», – деп көнбөдү. Анан Эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти. 22Кесарияга жеткенде, жыйынга барып, боордоштор менен учурашкан соң, Антахияга жөнөдү. 23Антахияда бир нече убакыт туруп, анан Галатия жана Фригия аймактарын аралап, Ыйсанын шакирттеринин ишенимин чыңап жүрдү.
Аполдун күбөлүгү
24Аңгыча александриялык Апол деген бир иудей Эфеске келип калды. Ал Ыйык Жазууларды мыкты билген, өзү билимдүү киши болор эле. 25Эгебиз жөнүндөгү окуудан сабак алган бул киши Жакыянын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, Ыйса жөнүндө өз көзү менен көргөндөй күйүп-бышып айтып жүрдү. 26Апол синагогада тайманбай ачык сүйлөй баштады. Прискила менен Акила анын сөзүн угушкан соң, конокко чакырышып, Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришти. 27Анан, Ахаяга кетейин дегенде, эфестик боордоштор ага кол кабыш кылып, ахаялык Ыйсага ишенгендерге Аполду кабыл алгыла деген кат жазышты. Аполдун Ахаяга келгени, андагы Кудайдын ырайымы менен ишенгендер үчүн зор жардам болду. 28Анткени ал Ыйык Жазуулардан Ыйсанын Машаяк экенин далилдеп, эл алдындагы айтыштарда иудейлердин жаңылыштыктарынын бетин ачты.
Currently Selected:
Элчилер 18: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018