YouVersion Logo
Search Icon

2 Корунттуктар 7

7
1Ошентип, сүйүктүүлөрүм, ушундай убадаларга ээ болуп, денебиз менен рухубузду булгаган ыплас нерселердин бардыгынан тазаланып, Кудайды кадырлап, толугу менен адал өмүр сүрөлү.
Пабылдын кубанычы
2Бизге өз дилиңерди кенен ачып койгула. Биз эч кимге жамандык кылган жокпуз, эч кимге зыян тарттырбадык, эч кимдин эсебинен пайда таппадык. 3Мен муну силерди кекетип айтып жаткан жокмун. Мурда деле айтканымдай, силер биздин жан-дилибиздесиңер, биз өлүмдө да, өмүрдө да биргебиз. 4Силерге бек ишенип, силер менен аябагандай сыймыктанам. Кайрат-жигерим артып, тарткан бардык азаптарыма карабай, кубанычым койнума батпайт.
5Македонияга барганыбызда да эс ала алган жокпуз. Сырт жактан башкалар менен алышсак, ичибизден коркунуч кыйнап, бардык жагынан азап тарттык. 6Бирок көңүлү чөгүп тургандарга сооронуч берүүчү Кудай бизге Титти жиберип, ошону менен жаныбызды жубатты. 7Анын келиши гана эмес, силерден сооронуч алганын укканыбыз да жаныбызга тынчтык берди. Ал эми силердин мени канчалык сагынып, мурда капалантып алганыңарга канчалык кайгырып, эми колдоого даяр экениңерди укканда, төбөм көккө жетти.
8Жазган катым силерди кайгыга салды деп аны жибергениме башында өкүндүм эле, убактылуу гана кайгыртканына көзүм жетип, кайрадан өкүнбөй калдым. 9Эми мен кубанып жатам. Кубанганым болсо силерди кайгыртканыма эмес, кайгырганыңардан улам ниетиңер өзгөргөнүнө. Кайгырганыңар Кудайдан болуп, биз силерге эч зыян келтирген жокпуз. 10Анткени Кудайдан келген кайгы адамдын ниетин гана өзгөртпөстөн, аны куткарылууга алып келет да, эч өкүнүч калтырбайт. Ал эми бул дүйнөдөн келген кайгынын түбү – өлүм.
11Кудай салган кайгыңар не деген жемиш бергенин карасаңар: болгон ишке ушунчалык олуттуу мамиле кылып, канчалык тазалангыңар келип турганын, күнөөгө кыжырданып, ушунчалык коркконуңарды, өзүмдүн жаныңарда болушумду эңсеп, туура иш кылууга далалаттанып, айыптуу адамды жазалоого даяр болгонуңарды. Мунун баары – силердин актыгыңардын ачык-айкын далили.
12Ошентип, жанакы катты жазсам да, мен муну күнөө кетирген адам үчүн же күнөөдөн запкы жеген адам үчүн кылганым жок. Кайра Кудай алдында силердин канчалык биз үчүн кам көргөнүңөрдү көрсөтөйүн деп жазгам. 13Жаныбызды жубаткан мына ушу.
Сооронуп эле тим болбостон, баарыңардын колдооңор Титти көңүлүн ушунчалык көтөргөнүн угуп, кубанычка толдук! 14Мен ага силерди ушундай мактадым эле, силер да мени уятка калтырбадыңар. Биз силерге дайыма чындыкты гана айтып жүргөн сыяктуу, силер тууралуу Титке айтылгандын баары да чындык болуп чыкты. 15Силер анын тилин алууга канчалык даяр болуп, аны канчалык кадырлап, кандай урмат-сый менен тосуп алганыңарды эстеген сайын, анын силерге болгон сүйүүсү күчөгөндөн күчөп баратат. 16Мен да силерге толук ишене аларыма аябагандай кубанып турам!

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in