2 Корунттуктар 6
6
1Кудайдын кызматташтары катары өтүнөбүз: Кудайдын силерге кылган ырайымы куру бекер кетпесин. 2Анткени Анын айтканы бул:
«Ыңгайлуу мезгил келип, уктум сени;
Куткарчу күнүм келип, жардам бердим».#6:2 Ышая 49:8.
Мына, эми Кудайдын ыңгайлуу мезгили да жетип, силерди куткарчу күнү да келип калды!
3Кылган кызматыбызга тил тийбесин үчүн биз эч кимге жолтоо болгубуз келбейт. 4Анын ордуна, Кудайдын чын дилден берилген кызматчылары катары, эмне кылсак да, башкаларга өрнөк болууга аракеттенип жатабыз. Азап тартсак да, муктаж болсок да, башыбызга мүшкүл түшсө да, 5бизди уруп-сабашса да, зынданга салышса да, бизге каршы козголоң чыгарышса да, кара терге түшүп эмгектенсек да, түндөрү кирпик какпай чыксак да, ачка калып жатсак да – бардыгын бой бербей көтөрүп келатабыз. 6Көрсөткөн тазалыгыбыз менен чындыкты билгенибиз, сабырдуулугубуз менен кичи пейилдигибиз, Ыйык Рухтун катышуусу менен чын дилибизден чыккан сүйүүбүз, 7акыйкат сөзүбүз менен Кудайдын кудурети – буга айкын далил. Биздин чабуул салар да, коргонор да куралыбыз – адилдик. 8Биз барктуу да, барксыз да, жакшы аттуу да, жаман аттуу да болууга даярбыз. Бизди жалганчылардай кабыл алышса да, чындыкты гана сүйлөп жатабыз. 9Бизди белгисиз дешсе да, биз баарына белгилүүбүз. Бизди ажалы жетти дешсе да, карагылачы, биз али тирүүбүз. Бизди жазалашканы менен, өлтүрүшкөн жок. 10Бизди капалантышса да, биз кубанып жүрөбүз. Өзүбүз жарды болгонубуз менен, көптөрдү бай кылабыз. Колубузда эч нерсе жок болсо да, баарына ээбиз.
11Корунттук боордоштор! Биз силерге ачык сүйлөп, дилибизди силерге кенен ачып койгонбуз. 12Биз эмес, өзүңөр эле жан-дүйнөңөрдү биз үчүн жаап салып жатпайсыңарбы. 13Силерге өз балдарыма айткандай айтам: биздей болуп, дилиңерди кенен ачкылачы.
Бутпарастык таасирлер тууралуу эскертүү
14Ишенбегендер менен моюнтуругуңар эч качан бир болбосун. Адилеттик менен адилетсиздикти кошсо болобу? Жарык менен караңгынычы? 15Машаяк менен Белиар келишимге келе алышабы? Же ишенген адам ишенбеген адам менен биримдикте боло алабы? 16Кудайдын ийбадатканасында буркандарга орун барбы? Силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Анткени Кудай мындай деген:
«Ичинен алардын Мен турак табам,
Жашаймын Мен алардын арасында.
Кудайы болуп алам аларга Мен,
Өз элим болуп калат алар Мага».#6:16 Леб. 26:12; Жез. 37:27; Жер. 32:38.
17Эгебиз дагы мындай дейт:
«Алардын арасынан чыгып кетип,
Алардан бөлүнгүлө өзүңөрчө.
Тийбесин колуңар да арам затка.
Ошондо кабыл алам силерди Мен.#6:17 Ышая 52:11.
18Атаңар болуп калам баарыңардын,
Уул-кыздарым болосуңар силер Мага, –
Дейт бизге кудуреттүү Кудай Таала».#6:18 2 Шамил 7:14.
Currently Selected:
2 Корунттуктар 6: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: