YouVersion Logo
Search Icon

2 Корунттуктар 3

3
Жаңы келишим кызматчылары
1Биз кайрадан эле өзүбүздү өзүбүз мактап жаткандай өңдөнүп турабызбы? Кээ бирөөлөргө окшоп, биз да силерге көрсөткүдөй же силерден алып, башкаларга көрсөткүдөй ишеним катка муктаж белек? 2Силер өзүңөр – биз үчүн ишеним каттай элесиңер го. Биздин жүрөктөрүбүзгө жазылган бул кат баарына маалым, аны ким болсо да окуй алат. 3Силер кызматыбыздын үзүрү – Машаяк жазган каттын өзү экениңерди баары көрүп турушат. Ал сыя менен эмес, тирүү Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, адамдардын жүрөктөрүнө жазылган.
4Бардыгы дал ушундай экени биз үчүн калетсиз. Буга бизди Кудай алдында Машаяк ишендирди. 5Колубуздан бир нерсе келип, муну же тигини өзүбүз кылдык дегендей эч акыбыз жок, себеби бизди ошого жөндөмдүү кылган – Кудай. 6Ал бизге Жаңы келишим кызматчылары болууга жөндөм берди. Жаңы келишим болсо, кагаз бетине түшкөн мыйзам эмес, Рух: жазылган мыйзам өлүмгө алып келет, ал эми Рух болсо өмүр берет.
7Тоорат мыйзамынын ар бир тамгасы таш лоокторго чегилип, ал аркылуу Кудайдын улуулугу көрүндү. Бул көрүнүш убактылуу гана болсо да, ал Мусанын жүзүнөн ушунчалык жаркырап турганынан, Ысрайыл эли анын бетин карай албады. Эгерде өлүм алып келчү Тоорат мыйзамы берилгенде, Кудайдын ал аркылуу көрүнгөн улуулугу ушунчалык жаркыраса, 8Анын Рухтун кылган кызматы аркылуу жаркыраганы канчалык зор болушу керек?! 9Айыпталуу алып келчү кызмат ушунчалык улуу болсо, акталуу алып келчү кызмат андан канчалык улуу болууга тийиш?! 10Бир кезде ушунчалык жаркырап турган мыйзам улуулугу эми, Жаңы келишимдин андан да зор улуулугу жаркырап келгенде, өчкөнсүп калды. 11Өтүп кетчү нерсенин улуулугу мынчалык жаркыраса, түбөлүк боло турган нерсе канчалык жаркырайт!
12Ушундай үмүтүбүз бар болгон үчүн биз коркпостон, ачык сүйлөп жатабыз. 13Биз Мусага окшоп жүзүбүзгө парда тартып албайбыз. Ал муну анын жүзүнөн Ысрайыл эли өз күчүн жогото турган мыйзамдын жаркыраганын көрбөсүн деп кылган.#3:13 Чыгуу 34:34. 14Ал кезде алардын акыл-эси көр эле. Күнү бүгүнкүгө чейин Байыркы Келишим китебин окуганда алиги парда дале тартылып турат. Ал парданы алып салууга Машаяк гана кудуреттүү. 15Азыркы убакта да Мусанын мыйзамын окуп жатышканда, бул парда алардын жүрөктөрүн жаап турат. 16Бирок кимдир бирөө Жараткан Эгеге жүз бурганда, алиги парда алынып ташталат. 17Бул жерде Эге деп аталганы – Ыйык Рух, ал эми Эгебиздин Руху бар жерде эркиндик өкүм сүрөт. 18Андыктан баарыбыздын пардасы алынып ташталган жүздөрүбүз Эгебиздин улуулугун чагылдырып, Эгебизден бизге келген улуулук бизди өзгөртүп, уламдан улам Ага окшош кылат. Ошого жараша бизден мурдагыдан да зор улуулук жаркырап чыгат. Бул болсо Эгебизден – Ыйык Рухтан келет.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in