2 Корунттуктар 12
12
Пабыл алган көрүнүш-аяндар
1Мактануудан эч пайда болбосо да, мен мактанууга аргасызмын. Бирок эми Эгебиз берген көрүнүш-аяндарга өтөйүн. 2Мен билгендей, бир машаякчы адам он төрт жыл мурун үчүнчү асманга көтөрүлгөн экен. Ошол жакка ал денеде барганбы же руху эле алынганбы, мунусун билбейм, бул Кудайга эле маалым. 3-4Ырас, көккө жанакы адамдын руху эле көтөрүлгөнбү же денеси дагыбы, билбейм, муну Кудай Өзү эле билет. Бирок бир билгеним анык: ал адам жаннатка барып, ошол жерден адам тили менен айтууга мүмкүн болбогон, атүгүл айтууга тыюу салынган нерселерди уккан экен. 5Мына ушуну менен мактансам мактанармын. Ал эми өзүм менен мактана албайм, мактансам да, алсыздыгым менен гана мактанам. 6Мактанам деген күндө да, аным акылсыздык болбойт, себеби чындыкты гана айтам. Бирок менден көргөн-укканыңарга жараша гана баалап, эч кимиңер мени өтө көкөлөтүп ийбешиңер үчүн, мактануудан баш тарттым.
7Ушундай укмуш аяндарды алганымдан көөдөнүмдү көтөрбөсүм үчүн мага денеме тикенектей сайылып, жанымды кыйнаган азап берилди. Бул – шайтандын кызматчысы. Ал мени кекирейбесин деп, жан этимди сыздатып жатат. 8Үч жолу Эгеме жалынып, аны менден алып салуусун сурандым эле. 9Бирок Ал мага мындай жооп кайтарды: «Менин ырайымым сага жетишет, себеби сен канчалык алсыз болсоң, сенден көрүнгөн кудуретим ошончолук зор болот». Андыктан менден Машаяктын кудурети көрүнсүн үчүн, мактансам да, алсыздыгым менен мактанам. 10Ошентип, алсыз калганыма, кордук көргөнүмө, азап чеккениме, куугунтук жегениме, кыйынчылык тартканыма курсантмын, себеби мунун баары Машаяк үчүн болгон соң, алсыз болгонум күчтүү болгонума тете.
Пабылдын Корунттуктар үчүн тынчсызданганы
11Мына, мактанам деп, келесоодой көрүндүм. Бирок мени буга түрткөн силерсиңер. Мени силер макташыңар керек эле, себеби өзүм эч нерсеге татыбаганым менен, жанакы «улуу элчи» дегениңерден эч нерсем кем эмес. 12Араңарда жүргөнүмдө, сабыр этип, Кудайдын чыныгы элчиси болгонум көптөгөн кереметтүү жышаандар жана кудуреттүү иштер менен далилденген. 13Деги башка жыйындарга салыштырганда, мен силерге кылбай койгонум эмне? Өзүм силерге жүк болбогонум элеби? Анда бул жаңылыштыгымды кечирип койгула.
14Мына эми силерге үчүнчү жолу барууга даяр болуп турам. Барганымда, силерге жүк болбойм: мага колуңарда бар болгону эмес, өзүңөр керексиңер. Энчини балдары ата-энесине эмес, ата-энеси балдарына чогултууга тийиш го. 15Андыктан колумда болгондун баарын силерге жумшоого, ал турсун өзүмдү берип салууга ынтызармын. Же силерди ушунчалык сүйгөнүмдөн мага деген сүйүүңөр азайып калабы?
16Өзүмдү силерге жүк кылбадым дейли. Бирок айрымыңар мени амалкөйлөнүп, өз тиешесин бизге билгизбей алып жатат дейт чыгар. 17Андай болсо, айткылачы, мен жиберген кишилерим аркылуу силерден өзүмө пайда көрдүм беле? 18Титтин силерге барышын өтүнүп, ага кошуп дагы бир боордошубузду жибергенимде, ал силерден пайдаландыбы? Же ал экөөбүздүн ниетибиз менен кылган ишибиз бирдей болгон жокпу?
19Бизди дагы эле силердин алдыңарда актанып жатат дейсиңерби? Бирок биз Машаякка ишенгендер катары Кудай алдында сүйлөп жатканыбызды билебиз. Эмне кылсак да, бардыгын өзүңөрдү бекемдеш үчүн кылдык, сүйүктүүлөрүм. 20Менин коркконум бул: силерге келгенимде, силер мен каалабагандай, мен болсо силер каалабагандай болбогой элек. Араңарда уруш-кериш, көрө албастык, кыжырлануу, өзүмчүлдүк, жамандашуу, ушакчылык, кекирейгендик, тартипсиздик болбосо экен. 21Кайра келгенимде, силердин айыңардан Кудайдын алдында уят болбогой элем, бир кезде күнөө кетирген көбүңөрдүн алигиче өздөрүнүн кылган ыплас, бузуку, уятсыз иштерине өкүнбөй, ниетин өзгөртпөй жүргөнүн көрүп, аларды жоктоп зар какшап калбагай элем.
Currently Selected:
2 Корунттуктар 12: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018