YouVersion Logo
Search Icon

1 Петир 1

1
Саламдашуу
1-2Ыйса Машаяктын элчиси Петирден Понт, Галатия, Кападокия, Асия менен Битинияга чейин тараган качкындарга – Кудайдын тандап алган элине дубай салам!
Ыйса Машаякка баш ийип, Анын каны менен тазалануу үчүн силерди алдын ала тандап алып, Ыйык Руху аркылуу ыйык эл кылган Кудай ырайымын төгүп, дайыма тынччылыгын берсин!
Ыраазычылык келтирүү
3Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы – Кудай макталсын! Ал чоң ырайым кылып, Ыйса Машаякты өлүмдөн тирилтүү менен бизге жаңы өмүр берди, ошол аркылуу биз өчпөс үмүткө ээ болдук. 4Ошондуктан Кудайдын Өз элине сактаган баалуу мурасына ээ болобуз. Эч качан чирип бузулбас, эскирбес ал мурастар силер үчүн асманда даяр турат. 5Кудай Өзүнө ишенген силерди кудуреттүү күчү менен коргоп, заман акырында ушул күнөөкөр дүйнөдөн куткарат, ошол убак келгенде, бул айкын көрүнөт. 6Андыктан азыр бир аз убакыт ар кандай кыйынчылыкка туш келсеңер да ушуларды ойлоп кубангыла.
7Кыйынчылык тартканыңардын максаты – чын ишенгениңерди далилдөө. Жок боло турган алтын да от менен сыналат, ошол сыяктуу андан да аябай кымбат ишенимиңер сыналууга тийиш. Анан Ыйса Машаяк келген күнү мактоого, даңктоого жана урмат менен сыйга ээ болосуңар.
8Силер али көрбөсөңөр дагы Аны сүйөсүңөр. Азыр көрбөй турсаңар дагы ишенесиңер жана сөз жеткис улуу кубанычка баттыңар, 9себеби ишенимиңер аркылуу жаныңардын куткарылуусуна жеттиңер.
10Кудайдын силерге кыла турган ырайымы тууралуу пайгамбарлар алдын ала айтышкан, алардын аябай кылдат изилдөөлөрү ушул куткарылуу жөнүндө болгон. 11Ошол пайгамбарларды даарыган Машаяктын Руху Анын маңдайына жазылган азаптар менен андан кийин келе турган атак-даңк тууралуу алдын ала айтканда, алар Машаяк ким болуп, качан келерин жана бул окуялар кандай болорун билүүгө аябай аракет кылышкан. 12Бирок алардын изилдегендери өздөрүнө эмес, силерге тиешелүү болгонун Кудай аларга дайын кылган. А Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабар эми силерге жетти. Аны көктөн келген Ыйык Рухтун жетегиндеги адамдар айтышты. Аны аңдап билүүнү периштелер да аябай каалашат.
Такыбаа болгула
13Ошондуктан аткара турган ишиңерди жакшылап ойлонгула: сергек болуп, Ыйса Машаяк келген күнү Кудай силерге бере турган батаны чын дилиңерден тилегиле. 14Тил алчаак балдардай болуп Кудайга баш ийгиле. Мурун Кудай Эгеңерди тааныбаган кезде жашооңор арам кумарлардын жетегинде болуп келди. Буга эми жол бербегиле! 15Кайра, силерди тандап алган Кудай Өзү ыйык болгондой, дайыма Анын элиндей ыйык жашагыла. 16Себеби минтип жазылган: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын».#1:16 Леб. 11: 44-45.
17Бардыгын жүзүнө карабай, ишине карап жоопко тарткан Кудайга сыйынганда Аны Ата деп атасаңар, анда бул жердеги конок сымал жашооңор Андан коркуу менен өтсүн. 18Силер ата-бабаңардан калган маанисиз жашоодон кутулдуңар. Бул алтын-күмүшкө окшоп чирип кетчү байлык аркылуу эмес, 19кемтиксиз да кемчиликсиз Козу – Машаяктын кымбат каны аркылуу келгенин билесиңер. 20Ал дүйнө жаралгандан мурда эле тандалып, ушул акыркы убакта силер үчүн келген. 21Силер Машаяк аркылуу Кудайга ишендиңер. Кудай Аны өлүмдөн кайра тирилтип, атак-даңкка бөлөдү. Эми силердин ишеним менен үмүтүңөр Кудайда гана.
22Машаяк жөнүндөгү акыйкатка моюн сунуп, күнөөдөн тазарган силер эми боордошума деген нукура сүйүүгө ээ болдуңар. Демек, эми бири бириңерди чын жүрөктөн сүйгүлө! 23Кудай өмүр ыйгарчу түбөлүктүү сөзү аркылуу силерге жаңы өмүрдү берген. 24-25Себеби,
«Адамдардын бүт бардыгы чөп сымал,
Көркү алардын талаадагы гүлдөрдөй.
Чөп куурайт да гүлү түшөт, а бирок
Эгебиздин сөзү калат түбөлүк».#1:24-25 Ыш. 40:6-8.
Силерге айтылган Кудайдын сөзү ушул.

Currently Selected:

1 Петир 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy