1 Корунттуктар 5
5
Жыйындагы бузукулук
1Сөздүн ачыгын айтайын: мага араңардан бирөө атасынын төшөгүн тепсеп, өгөй энеси менен жатып жүрөт деген анык кабар жетти. Бул Кудайды тааныбагандарда да болуп көрбөгөн, жеткен бузукулук эмеспи! 2Ушуну билип туруп, эмнеңерге мынчалык көөдөнүңөрдү көтөрүп жатасыңар?! Андан көрө, кайгырып, ушундай кылгылыкты кылган немени араңардан чыгарып таштаганыңар оң болот эле го! 3-4Өзүм жаныңарда болбосом да, оюмда силер мененмин. Андыктан, араңарда турган сыяктуу, мындай бузукулук кылган адамга карата Эгебиз Ыйсанын атынан өкүм чыгарып койдум: баарыңар чогулганыңарда, оюмда мен өзүм да, Эгебиз Ыйсанын кудурети да силер менен экенин эске алып, 5жанакы адамды шайтандын колуна тапшырып салгыла. Ошондо күнөөлүү денеси кыйраса да, Эгебиз Ыйса Машаяк кайтып келген күнү руху куткарылып калат.
6Обу жоктонуп, көөдөнүңөрдү көтөрүп жатканыңар дурус эмес. Же бир аз эле камыр туруш бүтүндөй камырды ачытарын билген жок белеңер? 7Күнөөнүн эски ачыткысын алып таштап, ачыткысыз жуурулган жаңы камырдай таза болгула. Силер чынында эле ошондойсуңар, себеби күнөөдөн куткарчу козубуз, Машаяк, биз үчүн курмандыкка чалынган. 8Ошондуктан Куткарылуу майрамыбызды мурдагы, зулумдук менен кыянаттыкка толгон эски табиятыбыздын ачыткысы кошулуп жасалган нан менен эмес, анын ордуна, тазалык менен ак ниеттүүлүктүн ачыткысыз наны менен тосолу.
9Мурдагы катымда мен силерге бузуку адамдар менен алакада болбогула деп жазгам. 10Ошондо кеп кылганым бул дүйнөдөгү бузуку же ач көз адамдар, уурулар же бутпарастар эмес болчу, анткени алардан оолак болуш үчүн силер бул дүйнөнүн өзүнөн алынып кетишиңер керек болмок. 11Айтайын дегеним, өздөрүн боордошуңар дегени менен, чындыгында мурдагыдай эле бузукулук кылып, же арам пайда табууну көздөп, же буркандарга табынып, же ушак таратып, же масчылыкка берилип, же болбосо уурдап-тоноп жүргөндөр менен баарлашпагыла, ал турсун бир дасторкондон даам татпагыла.
12Жыйындан тышкаркыларды соттоп мен эмне кылмак элем? Силердин соттоп жаткандарыңар болсо жыйын ичиндегилер эмеспи? 13Жыйындан тышкаркыларды Кудай Өзү жоопко тартат. Ошентип, «бузулган немени араңардан чыгарып салгыла».#5:13 Мыйз. 17:7; 19:19; 21:21; 22:21, 24; 24:7.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 5: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: