YouVersion Logo
Search Icon

1 Корунттуктар 4

4
Машаяктын элчилери
1Бизди Машаяктын кызматчылары, Кудайдын купуя сырларын жарыялоо ишин башкарууга гана дайындалгандар катары көрүшүңөр керек. 2Ал эми ар бир башкаруучууга коюлган талап – ишенимдүү болуу. 3Мен ишенимдүүлүгүм силер тараптан же кандайдыр башка адамдар тарабынан текшерилип бааланат деп убайым жебейм. Ал турсун мен өзүм да өзүмө баа бере албайм. 4Өзүмдөн өзүм айып таппасам да, муну эч жазыксыз экенимдин далили катары көрбөйм. Мени текшерип баалай турган – Эгебиз Өзү. 5Андыктан убагы келгиче, силер да эч кимге баа берүүгө ашыкпай, Эгебиздин кайтар күнүн күткүлө. Ал келгенде, мурда караңгыдан улам көрүнбөгөн нерселерди көрүнөө кылып, адамдардын жашырын ой-санааларын ачыкка чыгарат. Андан соң, ар ким Кудайдан алкышын алат.
6Боордоштор, жогорудагынын баарын Апол экөөбүздү мисалга алып айтканда, мен муну силердин эле пайдаңар үчүн кылдым. Эми силер бизден үлгү алып, «жазылгандан артык эч нерсе кылбагыла» деген сөздүн маанисин түшүнүп, бирибиз менен сыймыктанып, башкабызга өйдөсүнүп карабашыңар керек. 7Же кимдир бирөө силерди башкалардан жогору коюп койду беле? Же эмнеге ээ болсоңор, ошонун баары Кудайдан эмеспи? Кудайдан болсо, анда эмне себептен бардыгына өзүңөр жетип алгансып мактанып жатасыңар?
8Бардык кем-карчыңар эбак эле толуп калгансып, азыртан эле байлыгыңар ашып-ташып кеткенсип, биз жок өзүңөрчө эле падыша болуп алганыңарды кара! Силер чындыгында эле падыша болсоңор кана! Анда биз да силерге кошулуп, бирге падышалык кылбайт белек. 9Сыягы, Кудай бизди, Өз элчилерин, бүтүндөй ааламга – периштелер менен адамзатка оюн-тамаша кылып, ажалын көпчүлүктүн алдында табууга өкүм чыгарылган туткундар сыяктуу салтанаттуу жүрүштүн эң артына койгон өңдөнөт. 10Карасаңар, биз Машаяк үчүн акылынан ажыраган немелердей болсок, силер Анын аркасы менен «акылман» болупсуңар! Биздин шайыбыз кетип жатса, силер алга-күчкө толуп турасыңар! Биз кордук көрсөк, силер кадыр-баркка жетип отурасыңар! 11Күнү бүгүнкүгө дейре курсагыбыз тойбой, суусап, киймибиздин тамтыгы кетип, келтек жеп, баш пааналар үйүбүз жок, 12күнүмдүк наныбызды өз маңдай терибиз менен таап жүрөбүз. Ким бизди жамандаса, ага кайра бата тилеп, куугунтуктаса, чыдап, 13тил тийгизгендерге кайра жылуу сөз менен жооп кайтарабыз. Азыркыга дейре бардыгына тепсенди, бул дүйнөнүн сапырындысы сыяктуу болуп келебиз.
Аталык эскертүү
14Муну силерди уяткарыш үчүн эмес, өзүмдүн боор этим менен тең балдарымдай көрүп, эскертип коюш үчүн жазып жатам. 15Себеби Машаяктын жолунда насаат айтчу миңдеген устаттарыңар болсо да, алардын бири да атаңар эмес. Силерге Жакшы Кабар айтып келген мен болсо Машаяк Ыйса менен болгон жашооңордо атаңар болуп калгам. 16Андыктан менден үлгү алгыла деп жалынам. 17Ушул максат менен силерге Машаяк аркылуу сүйүктүү, ишенимдүү уулум болуп калган Тиметейди жибердим. Ал келгенде, мен Машаяк Ыйса менен эриш-аркак жашаганымда өзүм да карманып, бардык жерлердеги жыйындарда окутуп да жүргөн жол-жоболорду эсиңерге салат.
18Кээ бириңер мени келбейт экен деп, бой көтөрүп кетипсиңер. 19Бирок, Кудай буюрса, жакын арада силерге барып калгым бардыр. Ошондо жанакы көөдөнү жоктордун эмне сөз айтканын эле эмес, кандай кудуретке ээ экенин да көрөм. 20Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөздөн эмес, күч-кудуреттен көрүнөт. 21Ошентип, силер менин кантип келишимди каалар элеңер: колума таяк кармаппы же болбосо сүйүү көрсөтүп, аяр мамиле кылыппы?

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in