1 Корунттуктар 12
12
Ыйык Рух тартуулаган касиеттер
1Азыр болсо, боордоштор, Ыйык Рух тартуулоочу касиеттерге токтололу. Мен силерди алар тууралуу кабарсыз калтыргым келбеди. 2Машаякка ишене элек кезиңерде, туура жолдон адашып, үн катпаган буркандарга табынганыңар өзүңөргө белгилүү эмеспи. 3Андыктан сөзүмө кулак төшөп, билип алгыла: Кудай Рухунун жетегинде болгон адамдын оозунан «Ыйсаны каргыш урсун» деген сөз чыкпайт. Ошондой эле Ыйык Рухтун жетегисиз эч ким «Ыйса Эгем» деп да айта албайт.
4Ар түрлүү рухий касиеттер бар болгону менен, аларды ыроологон Рух бирөө эле. 5Өтөгөн кызматтарыбыз ар кандай болсо да, кызмат кылар Эгебиз бирөө эле. 6Кылган иш-аракеттерибиз да ар түрдүү, бирок бардыгын аракетке келтирип жаткан Кудай бирөө эле. 7Ар бир адамга бардыгынын пайдасы үчүн Рухтун кандайдыр өзгөчө белгиси берилет. 8Бирине Рухтан даанышмандык сөз берилсе, башкасына ошол эле Рухтан билермандык сөз берилет. 9Дагы бирин ошол эле Рух өзгөчө ишеним даарыса, башкасын ошол эле Рух дарт айыктыруу касиетине ээ кылат. 10Бири керемет көрсөтсө, бири пайгамбарчылык кылат. Бири рухтарды ажырата билсе, башкасы бөтөн тилдерде сүйлөп, дагы бири ошол тилдерде айтылгандарды чечмелеп бере алат. 11Бирок аталган касиеттердин баарын бир эле Рух ыроолоп, Өз эркине жараша ар кимге өз касиетин бөлүштүрүп берет.
Көп мүчөдөн турган бир Дене
12Машаякты көп мүчөдөн турган денеге окшотсо болот: көп мүчөдөн куралганы менен, дене бир эле. Анын курамындагы мүчөлөр да көп болгону менен, алардын баары бир эле дененин бөлүктөрү. 13Ошо сымал, биз да: иудей же башка улуттагы, кул же эркин адам болобузбу, – баарыбыз бир эле Рух аркылуу чөмүлүү расмисинен өтүп, бир денеге – Машаяктын денесине мүчө болдук. Баарыбыздын ичибизге Кудай бирдей Ыйык Рухун салып берген.
14Ошентип, дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат! 15Эгер бут: «Мен кол эмесмин, демек денеге эч тиешем жок», – десе, ошон үчүн эле ал денеге тиешелүү болбой калабы? 16Же кулак: «Менин денеге эч тиешем жок, себеби мен көз эмесмин», – десе эле, денеге тиешелүү болбой калабы? 17Эгерде бүтүндөй дене көздөн эле турса, анда анын угуу сезими кайда? Же ал кулактан эле турса, анда жыт билчү сезими кайда калат? 18Кандай десе да, дене мүчөлөрүн Кудай Өзү каалагандай, ар бирин тулку бойдогу өз ордуларына жайгаштырган. 19Эгерде бир эле мүчө бар болсо, анын эмнеси дене? 20Демек, мүчө көп болгону менен, дене бирөө эле.
21Ошентип, көз колго: «Сенин мага керегиң жок» же баш буттарга: «Мен силерге муктаж эмесмин» деп айта албайт. 22Тескерисинче, дененин эң талуу мүчөлөрү керектүү болуп чыгат. 23Анча деле баркы жок өңдөнгөндөрүнө көбүрөөк кам көрүп, өзгөчө аяр мамиле кылсак, 24көбүрөөк баркталгандары буга муктаж деле эмес. Бирок Кудай мүчөлөрдүн баарын дене кылып кураштырганда, муну баркы азыраагы көбүрөөк баркка ээ болгондой кылып койгон. 25Ошентип, дене ич ара бөлүнбөй, мүчөлөрдүн баары тең бири бирине кам көрөт. 26Дененин бир эле мүчөсү кыйналып калса, бардыгы чогуу жабыр тартат. Бир эле мүчө сыйга татыса, аны менен кошо бардыгы кубанат.
27Силер ар бириңер өз алдынча мүчө болуп, бардыгыңар биригип Машаяктын денесин түзөсүңөр. 28Жыйын ичинде Кудай бардыгын өз-өз ордуна коюп, биринчисин – элчи, экинчисин – пайгамбар, үчүнчүсүн – таалимчи кылып, дагы башкаларына керемет көрсөтүү, дарттан айыктыруу, жардам берүү, жыйын жетектөө, бөтөн тилдерде сүйлөө касиеттерин берди. 29Баары эле элчиби? Же баары эле пайгамбарбы? Баары эле таалим береби? Же баары эле керемет көрсөтөбү? 30Дарттан айыктыруу касиети баарында барбы? Баары эле бөтөн тилдерде сүйлөп, баары эле ошол тилдерди чечмелеп бере алабы? 31Касиеттердин эң баалууларына ээ болууга тырышкыла.
Мен болсо силерге эң мыкты жолду көрсөтүп берейин.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 12: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018