1 Корунттуктар 10
10
Буркандар тууралуу эскертүү
1Боордоштор, ата-бабаларыбыз башынан өткөргөндөрдү эсиңерге салып кетейин дедим. Алардын бардыгы булуттун далдаасында болуп, деңизден өтүшкөн.#10:1 Бул жерде Пабыл ысрайылдар Мисирден чыккандагы окуяны кеп кылып жатат. Чыгуу 14-бапты караңыз. 2Ошондо Мусанын артынан ээрчиген алар баары тең булут менен деңизден чөмүлүү расмисинен өтүшкөндөй болушту. 3Бардыгы тең бирдей рухий даамдан сызышып, 4өздөрүн жандап бараткан аскадан бирдей рухий суудан ичишкен. Ал аска Машаяктын Өзү эле. 5Бирок ошентсе да, көбү Кудайга жакпаган иш кылышып, чөлдөн ажал табышты.
6Аларга окшоп ниетибиз бузулбасын үчүн, болуп өткөндүн баары бизге эскертүү катары калган. 7Алардын кээ бирөөлөрүндөй буркандарга табына көрбөгүлө. Андайлар тууралуу мындай деп жазылганы бар: «Эл жайлашып отуруп, ичип-жеп, анан оюн-тамашага киришти».#10:7 Чыгуу 32:6. 8Алардын кээ бирөөлөрүндөй бузукулукка кирип кетпейли. Ошол убакта бузукулуктун кесепетинен бир күндө жыйырма үч миң киши кырылган эле. 9Алардын кээ бирлерине окшоп Машаякты сынап да көрбөйлү. Ошенткен аларды жыландар чагып өлтүргөн. 10Алардын кээ бирлерине окшоп догурунгандай да болбойлу. Догурунган алар Кудайдын буйругу менен өлтүрүлгөн.
11Алар баштарынан өткөндөрдүн баары башкаларга үлгү катары калып, акыр заман алдында жашаган бизге эскертүү болсун үчүн жазылып да калган. 12Өзүн Кудай жолунда бек турам деп ойлогондор, кулап кетпеш үчүн абайлагыла. 13Силер өткөн сыноолордун бардыгы ар бир эле адам өтүүчү кадыресе сыноолор. Кудайыбыз болсо ишенимдүү. Ал силерди алыңар жетпеген сыноого дуушар кылбайт. Анын ордуна, сыноодон өтүп жатканыңарда, андан кутулуп чыгууга жол ачып, кыйынчылыктарды көтөрүүгө күч-кубат берет.
14Ошентип, сүйүктүүлөрүм, буркандарга багышталган таат-ийбадаттан оолак болгула. 15Муну мен силерге акыл-эсиңер бар деп айтып жатам. Айткандарымды өзүңөр акыл калчап ойлонуп көргүлө. 16Кудайга шүкүрчүлүк келтирип ичкен чөйчөк бизди Машаяктын канына тиешелүү кылбайбы? Же ошондо сындырып жеген нан бизди Машаяктын денесине тиешелүү кылбайбы? 17Көп болгонубуз менен, бизди баш коштуруп, бир дене кылган нан бирөө гана, анткени баарыбыз бир нандан даам татабыз.
18Ысрайыл элин карагылачы: Кудайга багышталган курмандыктан ооз тийгендер Кудай менен бирге даам сызышпайбы? 19Муну менен мен эмнени айткым келет? Буркан-балбалдар менен аларга багышталган курмандык бир нерсеге татыйт дегендиби? 20Арийне, жок. Айтайын дегеним, бутпарастар тартуу кылган курмандыктар Кудайга эмес, жиндерге багышталат. Мен болсо силердин жиндер менен бирге даам сызышыңарды каалабайм. 21Силер бир эле мезгилде Эгебиздин чөйчөгүнөн да, жиндердин чөйчөгүнөн да ооз тийип, Эгебиздин дасторконунан да, жиндердин дасторконунан да даам тата албайсыңар. 22Же Эгебиздин кыжырына тийгибиз барбы? Биз, эмне, Андан кудуреттүү белек?
Башкаларды ойлоп иш кылуу
23«Бардыгын жасоого акыбыз бар», – дейсиңер. Ырас, мунуңар туура. Бирок бардык эле нерсе жакшылыкка алып келбейт. «Бардыгын жасоого акыбыз бар» болгону менен бардык эле нерсе рухий жактан жетилтпейт. 24Баарың тең жеке кызыкчылыгыңарды ойлобой, андан көрө, башкалардын кызыкчылыгын ойлогула.
25Базарда сатылган эттин баарын кысталбай эле алып жей бергиле. Эттин кайдан келгенин сурабаганыңар үчүн абийириңер силерди кыйнабасын, 26анткени «жердин өзү да, андагы бардык нерселер да Жараткан Эгебиздики».#10:26 Забур 23:1.
27Кудайга ишенбеген адам конокко чакырып калса, көңүлүңөр келип турса, баргыла. Бирок ал жерден силерди абийириңер кыйнабасын, сураштырып олтурбай, тартылган тамактын баарынан эле алып жей бергиле. 28Бирок кимдир бирөө: «бул буркандарга багышталган тамак эле», – деп калса, анда муну айткан киши үчүн жана абийирдин таза сакталышын ойлоп, ошол тамактан жебей койгонуңар оң. 29Абийир дегеним силердин эмес, жанакы айткан кишинин абийири. Эмне үчүн менин эркиндигим башка бирөөнүн аны кыйнаган абийири үчүн чектелип калышы керек? 30Ыраазычылык айтуу менен тамак алып жесем, анда эмне үчүн ыраазычылык айтып жеген тамагым үчүн кимдир бирөө мени айыпташы керек?
31Ошентип, ичесиңерби, жейсиңерби – эмне кылсаңар да, ошонун баарын Кудайдын атагы чыккандай кылгыла. 32Иудейлерди да, башка улуттагыларды да, Кудайдын жыйынындагыларды да – эч кимди нааразы кылбагыла. 33Мени карасаңар: мен өз пайдамды эмес, көпчүлүктүн пайдасын көздөп, алар куткарылып калгай эле деп, эмне жасасам да, бардыгына жаккандай жасоого аракеттенип жатам.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 10: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018