1
Римдиктерге 15:13
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Үмүт берчү Кудайыбыз Өзүнө арткан ишенимиңер аркылуу силерди кубаныч менен бейпилдикке бөлөсүн. Ошондо Ыйык Рух Өз кудурети менен үмүтүңөрдү көбөйткөндөн көбөйтөт.
Compare
Explore Римдиктерге 15:13
2
Римдиктерге 15:4
Мурда жазылгандардын бардыгы болсо, бекемдик аркылуу жана Ыйык Жазуунун кайрат берүүчү сөздөрү аркылуу үмүтүбүздөн кол үзбөшүбүз үчүн, бизге сабак катары берилген болчу.
Explore Римдиктерге 15:4
3
Римдиктерге 15:5-6
Бекемдик менен кайраттуулуктун булагы болгон Кудай Машаяк Ыйсанын эркине ылайык силерге өз ара ынтымак берсин. Ошондо силер бир ниет менен, бир ооздон Кудайыбызды – Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасын даңазалап тура аласыңар.
Explore Римдиктерге 15:5-6
4
Римдиктерге 15:7
Кудайдын атагын чыгарыш үчүн, Машаяк өзүңөрдү кандай кабыл алса, силер да бири бириңерди ошондой кабыл алгыла.
Explore Римдиктерге 15:7
5
Римдиктерге 15:2
Башкалардын пайдасы үчүн, алардын ишенимин бекемдегидей, ар бирибиз алар үчүн кам көрүшүбүз керек.
Explore Римдиктерге 15:2
Home
Bible
Plans
Videos