Бакта өскөн зайтун дарагынын кээ бир бутактары сындырылып, алардын ордуна жапайы зайтун кыйыштырылды. Бактагы зайтунга тамырлаш болуп, анын ширеси менен сугарылган жапайы зайтун – бул силерсиңер. Андай болсо, жанакы сындырылган бутактарды карап, мактанбагыла. Ал эми мактанган болсоңор, эсиңерге келгиле. Бутак болуп турган силер тамырды көтөрбөйсүңөр, тескерисинче, ал силерди көтөрүп турат.