Жогорку динкызматчылар эл башчылары менен жыйын өткөрүшүп, чечим кабыл алышты. Анан жоокерлерге көп акча берип:
– «Түндө, биз уктап калганыбызда, шакирттери келип, аны уурдап кетишти» дегиле. Эгер муну губернатор угуп калса, анда анын көңүлүн биз жайгарабыз, силер болсо кам санабагыла, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, – дешти.
Сакчылар болсо акчаны алып, тигилер айткандай кылышты. Ал эми бул жалган сөз иудейлердин арасында ушул күнгө чейин кеңири тарап, айтылып жүрөт.