Тигил аял болсо Ыйсага жакын келип, чөк түшүп:
– Таксыр, мага жардам кылсаңыз, – деп жалынды.
Ыйса:
– Балдардын нанын алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес, – деди.
Аял:
– Ооба, таксырым, бирок иттер деле кожоюндарынын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи! – деди.