Матай 15
15
Ата-бабалардын салты
1Ошондо Иерусалимден фарисейлер менен дин мугалимдери келип, Ыйсага мындай дешти:
– 2Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен.
3Ыйса аларга мындай жооп берди:
– А өзүңөрчү? Эмне үчүн өзүңөр салттарыңарды шылтоолоп, Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар? 4Кудай эмне деди эле? «Ата-энеңди сыйла!»,#15:4 Чыг. 20:12; Мыйз. 5:16. «Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!»#15:4 Чыг. 20:17; Леб. 20:9. – деген. 5А силер: «Эгер ким атасы же энесине: „силерге бере турган нерсемдин баарын Кудайга багыштадым“ десе, 6анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп, элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар.
7Оо, эки жүздүүлөр! Силер тууралуу Ышая пайгамбар таамай айтыптыр:
8«Тили менен Мени сыйлап жатса да,
Дили менен бул эл Менден алыс бейм
9Адам салтын Меники деп окутуп,
Мага келип табынганы пайдасыз».#15:8-9 Ыш. 29:13.
Адамды арам кылган эмне?
10Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди:
– Кунт коюп уккула да, түшүнүп алгыла. 11Адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан нерсе арам кылат!
12Ыйса ушундай дегенде, шакирттери басып келишти да:
– Билесиңби, сенин сөзүңдү угуп, фарисейлер абдан таарынып жатышат? – дешти.
13Ыйса болсо шакирттерине:
– Менин асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат. 14Алардан оолак болгула, алар сокурлардын сокур жетекчилери. Сокур сокурду жетелесе, экөө тең чуңкурга кулап түшөт, – деп жооп берди.
15Ошондо Петир буга:
– Бул ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, – деди.
16Ыйса:
– Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? 17Адамдын оозуна кирген нерсе ашказандан өтүп, сыртка чыгарын билбейсиңерби? 18Адамдын оозунан чыккан нерсе болсо жүрөктөн чыгат да, аны арам кылат. 19Анткени адамдын жүрөгүнөн арам ой, адам өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузукулук, уурулук, жалган-жалаа, уу сөздөр чыгат. 20Адамды ушулар арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин сактабай тамак ичиш адамды арам кылбайт, – деп жооп берди.
Чет элдик аялдын ишеними
21Ыйса ал жактан чыгып, Тир менен Сидон шаарлары тарапка кетип калды. 22Аңгыча алдынан ошол жерде жашаган канаандык бир аял тосуп чыгып:
– Оо, Дөөттүн Уулу! Ырайым кыла көрүңүз мага, таксырым! Кызымды жин даарып, катуу кыйналып жатат – деп кыйкырды.
23Ыйса болсо жооп бербеди. Ошондо шакирттери Ага келип:
– Бул аялды коё берип койчу. Аркабыздан калбай кыйкырып келатат, – деп суранышты.
24Бирок Ыйса:
– Мен Ысрайылдын жоголгон койлоруна гана жиберилгем, – деп жооп берди.
25Тигил аял болсо Ыйсага жакын келип, чөк түшүп:
– Таксыр, мага жардам кылсаңыз, – деп жалынды.
26Ыйса:
– Балдардын нанын алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес, – деди.
27Аял:
– Ооба, таксырым, бирок иттер деле кожоюндарынын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи! – деди.
28Ошондо Ыйса:
– Оо, аял! Ишенимиң күчтүү экен, тилегиң кабыл болсун, – деди.
Ошондо аялдын кызы дароо айыгып кетти.
Ыйсанын көп адамдарды айыктырышы
29Ыйса ал жактан чыгып, Галилея көлүнө барды да, тоого чыгып отурду. 30Ошондо Ага аксак, чолок, сокур, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды алып, көп эл келди да, аларды Анын алдына коюшту. Ыйса баарын сакайтты. 31Дудуктарга тил кирип, майыптар айыгып, сокурлардын көзү көрүп калганын көрүп турган эл аң-таң болуп, Ысрайыл табынган Кудайды даңктады.
Ыйсанын төрт миң кишини тойгузушу
32Ыйса шакирттерин чакырып алып:
– Элге боорум ооруп атат. Үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок. Алар жолдо алсырап, жыгылып калбас үчүн Мен аларды ачка коё бергим келбей турат, – деди.
33Шакирттери:
– Бул ээн талаада ушунча элдин баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан алабыз? – дешти.
34Ыйса:
– Канча наныңар бар? – деп сурады.
Алар:
– Жети нан дагы бир нече кичинекей балыгыбыз бар, – деп жооп беришти.
35Ошондо Ыйса элди жерге олтургузгула деп буйруду да, 36алиги жети нан менен балыктарды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 37Баары жеп, тоюнушту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет толду. 38Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби төрт миңдей эле. 39Ушундан соң, Ыйса элди коё берип, Өзү кайыкка түшүп, Магадан аймагына келди.
Currently Selected:
Матай 15: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018