1
Матай 13:23
Инжил ЛС (2005)
Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү болсо Кудай сөзүн угуп, маанисин түшүнгөн адамды билдирет. Мындай адам жүз, алтымыш, отуз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.
Compare
Explore Матай 13:23
2
Матай 13:22
Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү менен акчанын азгырыгына алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.
Explore Матай 13:22
3
Матай 13:19
Кудайдын Падышачылыгы тууралуу сөздү угуп, бирок маанисин түшүнбөгөнгө азгыруучу келет да анын жан дүйнөсүнө түшкөн Кудайдын сөзүн уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөндүн мааниси ушуну билдирет.
Explore Матай 13:19
4
Матай 13:20-21
Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамды билдирет. Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартат.
Explore Матай 13:20-21
5
Матай 13:44
Асман Падышачылыгы талаага катылган кенчке окшош. Аны бир киши таап алып, эч жанга билгизбей кайра катып коёт да, кубанганынан колундагынын баарын сатып жиберип, кайра ошол талааны сатып алат.
Explore Матай 13:44
6
Матай 13:8
Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси жүз, кээси алтымыш, кээси отуз эсе түшүм берет.
Explore Матай 13:8
7
Матай 13:30
Оруу-жыюу маалы келгичекти өсө берсин. Кийин орокчуларга адегенде отоо чөптөрдү жулдуруп, өрттөө үчүн боо-боо кылып байлатып, буудайды болсо өзүнчө кампаларыма төктүртөм», – дейт.
Explore Матай 13:30
Home
Bible
Plans
Videos