1
Бийлер 7:2
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Жараткан Эге Гидонго: – Сенин адамдарың ашыкча көп экен. «Жоону өзүм эле жеңип алдым» деп Ысрайыл Мени каратып туруп мактанбашы үчүн, мидияндарды алардын колуна салып бербейм, – деп айтты.
Compare
Explore Бийлер 7:2
2
Бийлер 7:7
Жараткан Эге Гидонго: – Кочуштап суу ичкен ушул 300 жигитиңдин күчү менен силерди куткарып, мидияндарды колуңарга салып берем. Калган элди болсо коё бер, үйлөрүнө кайтып кете беришсин, – деди.
Explore Бийлер 7:7
3
Бийлер 7:3
– Ошондуктан, «Ким коркуп, жүрөксүнүп жатса, Гилат тоосунан өз үйүнө кайтып кете берсин» деп элге угуза айт. Ошондо 22 000 киши келген тарабына кайтып кетип, 10 000 киши калды.
Explore Бийлер 7:3
4
Бийлер 7:4
Бирок Жараткан Эге Гидонго: – Жоокерлериң дагы эле көптүк кылат, – деди. – Аларды сууга алып түш. Мен аларды иргеймин. Кимисин «Сени менен барсын» десем, ал сени менен барсын. Кимисин «Сени менен барбасын» десем, ошол сени менен барбасын.
Explore Бийлер 7:4
5
Бийлер 7:5-6
Гидон аскерлерин сууга алып түштү. Жараткан Эге Гидонго: – Сууну кочуштап ичкендерди өзүнчө, тизелеп олтуруп алып ичкендерди өзүнчө бөл, – деди. Ошондо сууну кочуштап ичкендердин саны 300 киши болду. Калгандары болсо чөк түшүп алып ичишти.
Explore Бийлер 7:5-6
Home
Bible
Plans
Videos