Мунун баарын кылган – Кудай. Ал Машаяк аркылуу бизди Өзү менен элдештирип, бизге да башкаларды Аны менен элдештирүү кызматын берди. Айтайын дегеним, Машаяк аркылуу Кудай бүтүндөй дүйнөнүн кылган кыянаттыктарын эсептебестен, Өзү менен элдештирип койду. Бизге болсо ошол элдешүү тууралуу кабарды жеткирүү тапшырылган.