1
2 Корунттуктар 4:18
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Биздин назарыбыз көзгө көрүнгөн нерселерге эмес, көзгө көрүнбөгөн нерселерге бурулушу керек, себеби көзгө көрүнгөнү убактылуу, көрүнбөгөнү болсо түбөлүктүү.
Compare
Explore 2 Корунттуктар 4:18
2
2 Корунттуктар 4:16-17
Көңүлүбүз чөкпөгөнүнүн себеби мына ушунда. Сырткы табиятыбыз эскирип баратканы менен, ички табиятыбыз күндөн күнгө жаңыланууда. Анткени биз тартып жаткан анча-мынча убактылуу азабыбыз бизди түбөлүктүү даңкка алып барат. Анын канчалык зор экенин биз элестете да албайбыз.
Explore 2 Корунттуктар 4:16-17
3
2 Корунттуктар 4:8-9
Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, талкаланган жокпуз; айласыз абалда болсок да, үмүттөн кол үзбөйбүз; куугунтук жеп жүрсөк да, ташталган жокпуз; кулатылсак да, жок кылынбадык.
Explore 2 Корунттуктар 4:8-9
4
2 Корунттуктар 4:7
Биз болсо асыл кенч сакталган чопо идиштер элебиз. Андыктан ушул чексиз кудурет бизден эмес, Кудайдан келип жатканы ачык-айкын көрүнүп турат.
Explore 2 Корунттуктар 4:7
5
2 Корунттуктар 4:4
Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын улуулугу тууралуу Жакшы Кабардын жаркыраган нурун көрбөсүн үчүн ушул кыянат замандын жалган кудайы ишенбегендердин акыл-эсин көр кылып койгон.
Explore 2 Корунттуктар 4:4
6
2 Корунттуктар 4:6
«Караңгылыкка жарык жансын!» – деп буюрган Кудай Ыйса Машаяктын жүзүнөн жаркырап көрүнгөн Өз улуулугун билдириш үчүн Өзү жан-дилибизге нур болуп жанды.
Explore 2 Корунттуктар 4:6
Home
Bible
Plans
Videos