Мактанам деген күндө да, аным акылсыздык болбойт, себеби чындыкты гана айтам. Бирок менден көргөн-укканыңарга жараша гана баалап, эч кимиңер мени өтө көкөлөтүп ийбешиңер үчүн, мактануудан баш тарттым.
Ушундай укмуш аяндарды алганымдан көөдөнүмдү көтөрбөсүм үчүн мага денеме тикенектей сайылып, жанымды кыйнаган азап берилди. Бул – шайтандын кызматчысы. Ал мени кекирейбесин деп, жан этимди сыздатып жатат.