Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы – Кудайга алкыш болсун! Ал биздин да боорукер Атабыз жана жаныбызды жубатып турган Кудайыбыз. Кандай гана кыйынчылыкка учурабайлы, Ал дайыма жаныбызды жубатып, башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан башкалардын да жанын жубатууга жөндөмдүү кылат. Ошондо Андан биз кандай сооронуч алсак, башкаларды да дал ошондой соорото алабыз.