YouVersion Logo
Search Icon

2 Корунттуктар 1

1
Саламдашуу
1Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан жана боордошубуз Тиметейден Кудайдын Корунт шаарындагы жыйынына жана бүтүндөй Ахая аймагындагы ыйыктарга дубай салам!
2Ылайым Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин.
Ыраазычылык келтирүү
3Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы – Кудайга алкыш болсун! Ал биздин да боорукер Атабыз жана жаныбызды жубатып турган Кудайыбыз. 4Кандай гана кыйынчылыкка учурабайлы, Ал дайыма жаныбызды жубатып, башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан башкалардын да жанын жубатууга жөндөмдүү кылат. Ошондо Андан биз кандай сооронуч алсак, башкаларды да дал ошондой соорото алабыз. 5Анткени Машаяк үчүн канчалык көп азап тартсак, Кудай да Машаяк аркылуу бизди ошончолук көп сооротот. 6Кыйналсак, силердин жаныңарды жубатып, силерди куткарылсын деп кыйналабыз. Кудайдан сооронуч алсак, бул да биз тарткан азаптарды кайраттуулук менен аркалап келе жаткан силердин сооронушуңар үчүн. 7Биз болсо тарткан азаптарыбызда гана эмес, Кудайдан алган сооронучубузда да силер менен бир экенибизди билип, силерден эч күмөн санабайбыз.
8Ошон үчүн, боордоштор, силерди билсин деп, Асия аймагында дуушар болгон кыйынчылыктарыбызды эсиңерге салып кетели дедик. Ал жактан ушунчалык чоң, ушунчалык оор азап тарткандыктан, аман каларыбыздан да үмүт үзгөн элек. 9Бизге карата өлүм өкүмү да чыгарылып калган. Андыктан өз күчүбүзгө ишенбей, бир гана Кудайга бел байладык: Анын өлгөндөрдү да тирилткидей кудурети бар эмеспи. 10Ошол жолку жүрөк үшүн алган өлүм чеңгелинен куткарып алган Ал бизди эми да куткарат. Келечектеги коркунучтун баарынан да Кудайыбыз куткарарынан биздин эч шегибиз жок. 11Бул үчүн силер да бизди өз сыйынууларыңар менен колдоп турушуңар керек. Ошондо көпчүлүктүн биз үчүн болгон сыйынууларына жооп берип, бизге ырайымын тартуулаганы үчүн көптөрдүн оозунан Кудайга алкыш айтылат.
Пабылдын пландарынын өзгөрүшү
12Биздин сыймыктанганыбыз бул: ушул дүйнөдөгү жашообузда, айрыкча силер менен болгон мамилебизде, биз эмне кылсак да, ошону Кудай Өзү берген ак ниеттүүлүк жана астейдилдик менен, адамдык акылмандыкка эмес, Кудайдын ырайымына таянып жасадык. Муну өз абийирибиз да айгинелеп турат. 13-14Силерге да өзүңөр окуп түшүнө турган нерселерден башка эч нерсе жазганыбыз жок. Азыр бизди толук түшүнбөсөңөр да, келечекте толук түшүнөрсүңөр деген илгери үмүтүм бар. Ошондо Эгебиз Ыйса кайткан күнү биз силер менен кандай сыймыктансак, силер да биз менен ошондой эле сыймыктана аласыңар.
15Ушуга ынанган соң, мен алгач силерге барып келүүнү чечтим. Ошондо экинчи сапар келгенимден силер дагы бир ирет Кудайдын батасын алмаксыңар. 16Мен Македонияга баратканымда, силерге бир жолугуп, Македониядан келатканымда дагы бир ирет кайрылып, анан силер мени кайра Иудеяга жөнөтүп коёрсуңар деп ойлогом. 17Же бул ойлорум мени туруксуз кылып көрсөтүп жатабы? Же алдыга ушундай максат койгонумдан улам мен өз керт башымды гана ойлоп, бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деген адамга окшоп турамбы? 18Кудай дайыма ишенимдүү болгондой, биз да силерге бир туруп «ооба», бир туруп «жок» дебедик. 19Анткени Сила жана Тиметей үчөөбүз силерге үгүттөгөн Кудай Уулу – Ыйса Машаякта эч кандай эки анжылык жок: Ал бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деген жок. Ал Өз сөзүнө дайым бек турат! 20Анткени Ал аркылуу Кудайдын бардык убадалары аткарылган. Дал ушул себептүү биз дагы Кудайды даңктап: «Оомийин, ылайым ошондой болсун», – деп турабыз. 21Силер менен кошо бизди да Машаяк менен болгон биримдигибизде бекемдеп, Өз кызматына дайындаган – Кудай. 22Ал бизге Өз тамгасын басып, Ага тийиштүү экендигибиздин кепилдиги катары ичибизге Өз Рухун салып берген.
23Мен Кудайды күбөгө чакырып, өз өмүрүмдү сайып ант берем: дагы бир ирет Корунтка барбаганымдын себеби – силерди аяганымда. 24Биз мында силердин ишенимиңерди башкарып алалы деген жерибиз жок. Болгону өзүңөрдүн эле кубанчыңар үчүн силер менен бирге иштешип келе жатабыз. Силер болсо ишенимиңерде бек турасыңар.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in