1
1 Корунттуктар 12:7
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ар бир адамга бардыгынын пайдасы үчүн Рухтун кандайдыр өзгөчө белгиси берилет.
Compare
Explore 1 Корунттуктар 12:7
2
1 Корунттуктар 12:27
Силер ар бириңер өз алдынча мүчө болуп, бардыгыңар биригип Машаяктын денесин түзөсүңөр.
Explore 1 Корунттуктар 12:27
3
1 Корунттуктар 12:26
Дененин бир эле мүчөсү кыйналып калса, бардыгы чогуу жабыр тартат. Бир эле мүчө сыйга татыса, аны менен кошо бардыгы кубанат.
Explore 1 Корунттуктар 12:26
4
1 Корунттуктар 12:8-10
Бирине Рухтан даанышмандык сөз берилсе, башкасына ошол эле Рухтан билермандык сөз берилет. Дагы бирин ошол эле Рух өзгөчө ишеним даарыса, башкасын ошол эле Рух дарт айыктыруу касиетине ээ кылат. Бири керемет көрсөтсө, бири пайгамбарчылык кылат. Бири рухтарды ажырата билсе, башкасы бөтөн тилдерде сүйлөп, дагы бири ошол тилдерде айтылгандарды чечмелеп бере алат.
Explore 1 Корунттуктар 12:8-10
5
1 Корунттуктар 12:11
Бирок аталган касиеттердин баарын бир эле Рух ыроолоп, Өз эркине жараша ар кимге өз касиетин бөлүштүрүп берет.
Explore 1 Корунттуктар 12:11
6
1 Корунттуктар 12:25
Ошентип, дене ич ара бөлүнбөй, мүчөлөрдүн баары тең бири бирине кам көрөт.
Explore 1 Корунттуктар 12:25
7
1 Корунттуктар 12:4-6
Ар түрлүү рухий касиеттер бар болгону менен, аларды ыроологон Рух бирөө эле. Өтөгөн кызматтарыбыз ар кандай болсо да, кызмат кылар Эгебиз бирөө эле. Кылган иш-аракеттерибиз да ар түрдүү, бирок бардыгын аракетке келтирип жаткан Кудай бирөө эле.
Explore 1 Корунттуктар 12:4-6
8
1 Корунттуктар 12:28
Жыйын ичинде Кудай бардыгын өз-өз ордуна коюп, биринчисин – элчи, экинчисин – пайгамбар, үчүнчүсүн – таалимчи кылып, дагы башкаларына керемет көрсөтүү, дарттан айыктыруу, жардам берүү, жыйын жетектөө, бөтөн тилдерде сүйлөө касиеттерин берди.
Explore 1 Корунттуктар 12:28
9
1 Корунттуктар 12:14
Ошентип, дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат!
Explore 1 Корунттуктар 12:14
10
1 Корунттуктар 12:22
Тескерисинче, дененин эң талуу мүчөлөрү керектүү болуп чыгат.
Explore 1 Корунттуктар 12:22
11
1 Корунттуктар 12:17-19
Эгерде бүтүндөй дене көздөн эле турса, анда анын угуу сезими кайда? Же ал кулактан эле турса, анда жыт билчү сезими кайда калат? Кандай десе да, дене мүчөлөрүн Кудай Өзү каалагандай, ар бирин тулку бойдогу өз ордуларына жайгаштырган. Эгерде бир эле мүчө бар болсо, анын эмнеси дене?
Explore 1 Корунттуктар 12:17-19
Home
Bible
Plans
Videos