1
1 Корунттуктар 13:4-5
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Сүйүүнүн чыдамы мол, кайрымы зор, Кызганбайт, мактанбайт ал, бой көтөрбөйт. Адепсиздик кылбайт сүйүү, керт башынын Пайдасын көздөбөйт да ачуусуна Алдырбайт, башкаларга кек сактабайт.
Compare
Explore 1 Корунттуктар 13:4-5
2
1 Корунттуктар 13:7
Баарына болот сүйүү көтөрүмдүү, Эч жазбайт ишенимден, колун үзбөйт Үмүттөн, бардыгына чыдап келет.
Explore 1 Корунттуктар 13:7
3
1 Корунттуктар 13:6
Сүйүүнү кубандырбайт адилетсиздик, Акыйкат өкүм сүрсө сүйүнөт ал.
Explore 1 Корунттуктар 13:6
4
1 Корунттуктар 13:13
Ошентип, үч нерсе бар ушул тапта: Ишеним, үмүт, сүйүү. Бул үчөөнөн Баарынан улуусу бар. Ошол – сүйүү.
Explore 1 Корунттуктар 13:13
5
1 Корунттуктар 13:8
Пайгамбарлык сөз айтуу токтойт бир күн, Сүйлөнбөй кала берет бөтөн тилдер, Жоюлат билим дагы. Бирок сүйүү Жок болбой, түбөлүккө өмүр сүрөт.
Explore 1 Корунттуктар 13:8
6
1 Корунттуктар 13:1
Адамдык тилде сүйлөп, ал гана эмес, Периштелер тилинде сүйлөп жатып, Ал эми башкаларды сүйө албасам, Каңгыраган жездин же даңгыраган Темирдин доошунан эмнем артык?
Explore 1 Корунттуктар 13:1
7
1 Корунттуктар 13:2
Пайгамбар касиетин Кудай берип, Түшүнүп турсам дагы бүт сырларды, Билимдин чокусуна жетип барып, Тоолорду козгой алган ишенимге Ээ болуп, ошондо да сүйө албасам, Анда мен эч нерсеге татыбаймын.
Explore 1 Корунттуктар 13:2
8
1 Корунттуктар 13:3
Таратып колумдагы мал-мүлкүмдү Жардыларга, денемди азаптарга, Бүтүндөй өрттөлүүгө берип салып Дагеле башкаларды сүйө албасам, Анымдан түк пайда да болбойт мага.
Explore 1 Корунттуктар 13:3
9
1 Корунттуктар 13:11
Кичинемде балача сүйлөп мен да, Балача баамдап баарын, ой жүгүрткөм. Ал эми эр жеткенде таштап салдым Мурдагы жаш балалык адатымды.
Explore 1 Корунттуктар 13:11
Home
Bible
Plans
Videos