1
Жакан 15:5
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Мен сабакмын, силер болсо бутактарымсыңар. Ким Мени менен тыгыз байланышта болуп, Мен да аны менен тыгыз байланышта болсом, ал мол түшүм берет. Менден бөлүнүп, силер эч нерсе кыла албайсыңар.
比較
Жакан 15:5で検索
2
Жакан 15:4
Мени менен тыгыз байланышта болгула, Мен да силер менен тыгыз байланышта болом. Бутак сабакта болбосо, өзүнөн өзү жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу силер да Мени менен тыгыз байланышта болмоюн, жемиш бере албайсыңар.
Жакан 15:4で検索
3
Жакан 15:7
Эгер Мени менен тыгыз байланышта болуп, сөздөрүм көкүрөгүңөрдө болсо, эмне кааласаңар да сурасаңар, аласыңар.
Жакан 15:7で検索
4
Жакан 15:16
Силер Мени эмес, Мен силерди тандап алдым да, барып, жемиш берсин деп, ошол жемишиңер түбөлүктүү болсун деп дайындадым. Ошондо Менин атымдан эмне сурасаңар да Атабыз берет.
Жакан 15:16で検索
5
Жакан 15:13
Өзүн достору үчүн курман кылуудан өткөн улуу сүйүү жок.
Жакан 15:13で検索
6
Жакан 15:2
Мендеги жемиш бербеген ар бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш бергендерин дагы көбүрөөк берсин деп тазалап, бутайт.
Жакан 15:2で検索
7
Жакан 15:12
Силерге айтар осуятым бул: бири бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө!
Жакан 15:12で検索
8
Жакан 15:8
Силер мол жемиш берсеңер, Атамдын зоболосу көтөрүлөт. Ошондой эле чыныгы шакирттерим болосуңар.
Жакан 15:8で検索
9
Жакан 15:1
Мен – чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо – багбан.
Жакан 15:1で検索
10
Жакан 15:6
Ким Мени менен байланышта турбаса, ал кесилген бутак сымал сыртка ыргытылат да куурап калат. Анан чогултулуп, отко ташталып, күйүп кетет.
Жакан 15:6で検索
11
Жакан 15:11
Бул сөздөрдү Менин кубанычым силердин жүрөгүңөрдө жашасын жана кубанычыңар толук болсун деп айттым.
Жакан 15:11で検索
12
Жакан 15:10
Мен Атамдын буйруктарына баш ийип, Анын сүйүүсүн көкүрөгүмө түйүп жашаганымдай, силер да Менин буйруктарыма баш ийсеңер, Менин сүйүүм да силердин ичиңерде жашайт.
Жакан 15:10で検索
13
Жакан 15:17
Силерге калтыра турган осуятым бул: бири бириңерди сүйгүлө!
Жакан 15:17で検索
14
Жакан 15:19
Эгер силер да ушул дүйнөгө таандык болсоңор, силерди өз адамдары катары жакшы көрмөк. Бирок Мен силерди бул дүйнөнүн ичинен тандап, бөлүп алдым, эми бул дүйнөлүк эмессиңер, ошондуктан ал силерди жек көрөт.
Жакан 15:19で検索
ホーム
聖書
読書プラン
ビデオ