Римдиктерге 8
8
Ыйык Рух берген өмүр
1Ошентип, эми Машаяк Ыйса менен биримдикте жашагандарга жазалоо өкүмү чыгарылбайт.#8:1 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз. 2Анткени Машаяк Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы силерди күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан эркин кылды. 3Адам табиятынын алсыздыгынан улам мыйзам кыла албаган нерсени Кудай кылды. Бул үчүн Ал адам баласынын күнөөлүү денесине окшогон денеге бөлөнгөн Уулун жиберип, күнөөнүн жазасын Ага тарттырды. 4Муну Ал мыйзамдын адилеттүү талаптары күнөөлүү табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашаган биз аркылуу аткарылсын үчүн кылды. 5Адамдык табиятынын жетегинде жашагандар ошол табиятынын эңсегенин, ал эми Рухтун жетегинде жашагандар Рух каалаганын ойлошот. 6Адамдык табиятын ойлоонун кесепети – өлүм; Рух каалаганын ойлоонун шарапаты – өмүр менен тынчтык. 7Ошентип, адамдык табиятын ойлогон адам Кудайга кас болот: ал Кудай мыйзамына багынбайт жана багына да албайт. 8Өз адамдык табиятынын жетегинде жашагандар Кудайга жага алышпайт.
9Силер болсо, эгерде ичиңерде чынында эле Кудайдын Руху жашаса, адамдык табиятыңардын эмес, Рухтун жетегиндесиңер. Кимде Машаяктын Руху жок болсо, ал Машаякка таандык эмес. 10Бирок ичиңерде Машаяк жашап жатса, анда күнөөнүн айынан денеңер өлүк болсо да, Кудай алдында акталган үчүн рухуңар – тирүү. 11Ичиңерде Ыйсаны өлгөндөн тирилтип алган Кудайдын Руху жашап жаткан болсо, анда Машаякты тирилтип алган Кудай ичиңерде жашап жаткан Руху менен силердин өлө турган денеңерге да жаңы өмүр берет.
12Ошентип, боордоштор, биз адамдык табиятыбыздын эңсегени менен жашоого милдеттүү эмеспиз. 13Себеп дегенде, адамдык табиятыңардын жетегинде жашасаңар, анда өлөсүңөр, ал эми Рух аркылуу денеңердин күнөөлүү иштерин тыйсаңар, анда өмүргө ээ болосуңар. 14Кудай Рухунун жетегинде жашагандардын баары – Кудайдын балдары. 15Анткени Кудайдын ыроологон Руху силерди кайрадан коркунучка батырып, кул кылбайт. Кудайдын Руху силерди Анын балдары кылды. Ошол Рухтун кудурети менен биз Кудайды: «Абба!#8:15 Абба – арамейче – «ата». Ата!» – деп чакырып жатабыз. 16Биздин рухубузга кошулуп, Кудайдын балдары болгонубузду күбөлөндүрүп жаткан – ошол Рух. 17Ал эми Кудайдын балдары болсок, анда Кудайдын мураскорлору да болдук. Биздин Машаяк менен энчибиз бир. Эгерде Анын атак-даңкын бөлүшкүбүз келсе, анда Анын тарткан азаптарына да ортоктош болушубуз керек.
Келечектеги атак-даңк
18Келечекте бизге көрүнө турган Кудайдын улуулугуна салыштырганда, азыркы убактылуу азаптарыбыз эч нерсеге турбасына көзүм жетип турат. 19Бүтүндөй жаратылыш Кудай Өз балдарын анык көрсөтө турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатат. 20-21Себеби жаратылыш өз максатына өзү эле жетпей калган эмес. Кудайдын өкүмүнөн улам ошондой болгон. Кудай болсо муну жаратылыш бир күнү өткүнчүлүктүн кулчулугунан бошотулуп, Өзүнүн балдары менен кошо даңктуу эркиндикке жетишет деген үмүт менен жасаган. 22Себеби, биз билгендей, бүтүндөй жаратылыш азыркыга дейре толготуп жаткансып, кыйналып онтоп жатат. 23Жаратылыш гана эмес, Кудайдын алгачкы тартуусу катары Ыйык Рухту алган биз да Ал бизди Өз балдары катары кабыл алып, денебизди куткарып аларын самап, ичибизден онтоп жатабыз. 24Анткени азыркы куткарылганыбыз – үмүт аркылуу гана. Эгерде үмүтүбүз эбак эле орундалган болсо, анда үмүттөнүүнүн кажети жок болмок. Өз көзү менен көрүп турган нерсеге үмүттөнмөк беле? 25Бирок көрбөгөн нерсеге үмүттөнүп жатсак, анда чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек.
26Ошону менен бирге алсыраган бизди Рух да бекемдейт. Эмне жөнүндө сыйынарыбызды билбей, онтоп жатканыбызда, бул аркылуу Ал Өзү сөз менен айтуу мүмкүн болбогон эңсөөлөрүбүздү Кудайга жеткирип турат. 27Ал эми ички дүйнөбүздү көрүп турган Кудай Рухтун жеткирип жаткан ой-санаасын анык билет, себеби Рухтун ыйыктар үчүн өтүнгөнү Анын эркине дал келет.
28Биз болсо ким Кудайды сүйүп, Анын максатына ылайык чакырылган болсо, Кудай ал үчүн бардыгын жакшылыкка айландырарын билебиз. 29Кудай кимди эбак эле Өзүнө тандап алган болсо, Кудай Уулу көптөгөн бир туугандарынын арасында тунгуч болсун үчүн, ал адамдын Өз Уулуна окшош болуусун да алдын ала белгилеп койгон. 30Кудай Өз балдары болууга белгилеп койгондорду чакырып алды, чакырып алгандарын актап алды, актап алгандарын атак-даңкка бөлөдү.
Кудайдын Машаяк аркылуу төккөн мээрими
31Мунун баарын көрүп туруп, эмне дейбиз? Кудай биз тарапта болсо, анда ким бизге каршы чыкмак эле? 32Өз жалгыз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн курмандыкка берген Кудай калганын бизге бекер бербей коёбу?! 33Кудай тандап алгандарды ким айыптамак эле? Бизди Кудай Өзү актабадыбы. 34Бизге жаза өкүмүн ким чыгармак эле? Машаяк Ыйса биз үчүн өлүп, бул гана эмес – өлгөндөн кайра тирилип, азыр Кудайдын сыйлуу оң жагында отуруп, биз үчүн өтүнүп жатпайбы. 35Андай болсо, бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алмак эле? Кыйынчылыкпы, азаппы, куугунтукпу, ачарчылыкпы, жардылыкпы, коркунучпу, кылычпы? 36Ыйык Жазууда айтылгандай:
«Касапчынын колуна түшө турган кой делип,
Сен үчүн биз күн сайын тартылабыз өлүмгө».#8:36 Забур 43:23.
37Бирок ошого карабастан, бизди сүйгөн Машаяктын аркасы менен биз мунун баарын жеңип чыгабыз! 38Себеби менин ынанганым: өлүмдүн же өмүрдүн, периштелердин же жиндердин, бул замандын же келечек замандын, 39кудурет-күчтөрдүн, жер үстүндөгүлөрдүн же жер астындагылардын, деги эле жаратылган нерселердин биринин дагы бизди Кудайдын Эгебиз Машаяк Ыйса аркылуу төгүлгөн сүйүүсүнөн ажыратууга кудурети жетпейт.
Currently Selected:
Римдиктерге 8: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: