Римдиктерге 7
7
Нике мыйзамы жана биздин Машаяк менен болгон мамилебиз
1Эми, боордоштор, мыйзам менен тааныштыгы бар силерге айтарым бул. Өзүңөр билгендей, адам көзү тирүү кезде гана мыйзамдын ага карата күчү бар. 2Мисалга алсак, мыйзам боюнча, турмушка чыккан аял күйөөсү тирүү кезде башы ага байланган болот. Ал эми күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, анда ал аял нике мыйзамына ылайык башы бош болуп эсептелет. 3Андай болсо, эри тирүү кезде эле башка бирөөгө турмушка чыккан аял никесин бузган болуп эсептелет. Ал эми күйөөсү өтүп кеткен аял нике мыйзамынан бош болуп, башка күйөөгө чыкканы менен нике бузбайт. 4Ошонун сыңарындай, силер да, боордошторум, Машаяк өлгөндө, Аны менен кошо өлүп, ошол аркылуу Тоорат мыйзамынан бошондуңар. Эми силер Кудайга кызмат кылууга жарактуу болуш үчүн башка Бирөөнүн карамагына өттүңөр, Ал Бирөө – өлгөндөрдөн тирилген Машаяк. 5Пенделик табиятыбызга жетеленип жашаганыбызда, денебизде мыйзам аркылуу жүзү ачылган күнөөлүү кумарларыбыз аракеттенип, мунун акыры өлүм болгон. 6Эми болсо, бизди байлап турган мыйзам үчүн өлүк болуп, анын бийлигинен бошондук. Эми биз Кудайга эскиче, Тоорат мыйзамында жазылганына ылайык эмес, жаңыча, Рухка ылайык кызмат кылабыз.
Мыйзам жана күнөө
7Андай болсо, эмне дейли? Күнөө Тоорат мыйзамынан келип чыгат деппи? Албетте, жок! Бирок мыйзам болбосо, мен күнөө эмне экенин билмек эмесмин. Мыйзам «башка бирөөнүн мүлкүнө көз артпа»#7:7 Чыгуу 20:17; Мыйз. 5:21. деп айтпаса, мен көз артуу эмне экенин билмек да эмесмин. 8Парызга шылтап, күнөө ичимдеги миң түркүн кумарларды козгоду. Мыйзам болмоюн күнөө өлүк бойдон кала берет. 9Бир кезде мен колумда мыйзам жок жашадым эле. Бирок парыз берилгенде, күнөөгө жан кирди. 10Мен болсо өлүк болуп калдым. Ошентип, өмүр алып келүүгө тийиш болгон парыз мага өлүм алып келди. 11Амалын таап, күнөө парыздан колдонуп, мени алдады да өлтүрүп салды.
12Бирок мыйзам өзү ыйык. Анын парыздары да ыйык, адилеттүү жана жакшы. 13Андай болсо, эмне, жакшы нерсе мага өлүм алып келдиби? Албетте, андай эмес. Жакшы нерсени курал кылып, мага өлүм алып келген – күнөө. Ошону менен ал өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Ошентип, парыз күнөөнүн канчалык күнөөлүү экенин мурдагыдан ачык көрсөттү.
Ичибиздеги карама-каршылык
14Биз баарыбыз мыйзамдын рухий экенин билебиз. Мен болсо күнөөнүн кулчулугуна сатылган пендемин. 15Өзүм эмне кылып жатканымды өзүм билбейм, анткени кылгым келген нерсени кылбайм да жек көргөн нерсемди кылам. 16Кылып жатканым өзүм каалабаган нерсе болгон соң, бул менин мыйзамдын тууралыгын мойнума алганымды көрсөтүп турат. 17Андай болсо, чындыгында кыянаттык кылып жаткан мен эмес, ичимдеги күнөө. 18Өзүмдө, адамдык табиятымда жакшылык жок экенин билем. Жакшылык кылууга ниетим бар, бирок бул колумдан келбейт. 19Кылам деген жакшылыкты кылбайм да, анын ордуна кылбайм деген жамандыкты кылам. 20Эгерде жасагым келбеген нерсени жасап жатсам, анда муну кылган мен эмес, ичимдеги күнөө.
21Ошентип, мен мындай мыйзам ченемдүүлүктү байкадым: жакшылык кылайын десем да, колумдан жамандык гана келет. 22Жан-дилимден Кудайдын мыйзамына кубанам. 23Бирок өз денемден мен дагы башка мыйзамдын аракетин көрөм. Ал акыл-оюмдагы мыйзамга каршы туруп, денемди ичимдеги күнөө мыйзамына багындырып салат. 24Курган башым ай! Өлүмгө түрткөн ушул денеден мени ким куткарар экен? 25Кудайга алкыш! Ал муну Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу кылып койду!
Ошентип, акыл-оюм менен мен Кудай мыйзамына моюн сунсам, адамдык табиятым менен күнөө мыйзамына моюн сунам.
Currently Selected:
Римдиктерге 7: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018