Римдиктерге 6
6
Күнөө үчүн өлүп, Машаяк менен бирге тирилүү
1Эми биз эмне дешибиз керек? Ырайым көбөйсүн үчүн күнөөдө кала берели деппи? 2Албетте, жок! Күнөө бизди эми эч нерсе кыла албайт. Андай болсо, мындан ары кантип күнөө кылып жашамак элек? 3Же чөмүлүү расмисинен өтүп, Машаяк Ыйсанын денесине мүчө болгонубузда, ошону менен биз Анын өлүмүнө ортоктош болуп калганыбызды билген жок белеңер? 4Ошентип, чөмүлүү аркылуу Аны менен кошо өлүп, кошо көргө коюлдук. Эми болсо Атабыздын улуу кудурети менен өлүктөрдөн тирилген Машаякка окшоп биз да жаңы өмүргө ээ боло алабыз.
5Эгерде Аныкындай өлүм аркылуу Ага кошулсак, анда Ага окшоп тирилүүгө да тийишпиз. 6Биз билгендей, мурдагы күнөөлүү табиятыбыз күчүн жоготуп, биз мындан ары күнөөгө кул болбош үчүн эски табиятыбыз Машаяк менен кошо айкаш жыгачка керилген, 7себеби өлгөн адамга күнөөнүн бийлиги жок. 8Ал эми Машаяк менен бирге өлгөн болсок, анда Аны менен бирге өмүр да сүрөрүбүзгө ишенебиз. 9Анткени биз билгендей, өлгөндөн тирилген Машаяк кайрадан өлбөйт: өлүмдүн Анын үстүнөн эч бийлиги жок. 10Ал өлгөндө, күнөөнү биротоло жеңген. Эми болсо Ал Кудай үчүн жашап жатат. 11Ошонун сыңарындай, силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүк эсептеп, Машаяк Ыйса менен Кудай үчүн жашагыла.
12Ошентип, өлө турган денеңерде күнөө мындан ары өкүм жүргүзбөгөндөй жана силерди өз кумарларына баш ийдирбегендей болсун. 13Денеңердин бир да мүчөсүн күнөөгө жумшабагыла да жамандыктын куралы кылбагыла. Андан көрө, өлүмдөн өмүргө өткөн өзүңөрдү Кудайга тапшырып, денеңердин мүчөлөрүн жакшылыктын куралы кылгыла. 14Өзүңөрдү күнөөгө багындырбагыла, себеби силер Тоорат мыйзамы боюнча эмес, Кудайдын ырайымы менен жашайсыңар.
Адилдиктин кулдары
15Анан? Мыйзам боюнча эмес, ырайым боюнча жашап жатканыбызды билип туруп, күнөө кыла беребизби? Албетте, жок! 16Же өзүңөрдү кимдир бирөөгө кул кылып багындырсаңар, анда кимге баш ийсеңер, ошонун кулу болоруңарды билген жок белеңер? Демек, силер же күнөөгө кул болуп, ал силерди өлүмгө алып келет, же Кудайга кул болуп, тил алчаактыгыңар силерди адил кылат. 17Бирок Кудайга шүкүр, бир кезде күнөөнүн кулу болгон силер эми алган таалимиңерге бүт жан-дилиңер менен баш ийдиңер. 18Ошентип, күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, силер эми адилдиктин кулдары болдуңар. 19Алсыз табиятыңарды эске алып, силерге түшүнүктүү болсун үчүн мындай сөз менен айтып жатам. Мурда өз денеңерди ыпластык менен барган сайын күчөгөн кыянаттыкка канчалык жумшасаңар, эми да ыйыкталыш үчүн өз денеңерди адил иштерге ошончолук жумшагыла.
20Күнөөнүн кулу болгон кезде, силер адил жашоого милдеттүү эмес элеңер. 21Бир кезде эми өзүңөр уялган нерселерди кылып жүрүп, ошондон кандай пайда таптыңар эле? Андай жашоонун акыры – өлүм. 22Бирок эми, күнөөдөн бошонуп, Кудайга кул болуп калганыңарда, жашооңордун үзүрү – ыйыктык, натыйжасы – түбөлүк өмүр. 23Анткени күнөөнүн куну – өлүм, Кудайдын тартуусу болсо – Эгебиз Машаяк Ыйса менен биримдикте боло турган түбөлүк өмүр.
Currently Selected:
Римдиктерге 6: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: