Римдиктерге 5
5
Кудай алдында акталуу
1Ошентип, ишенгенибиз үчүн Кудай алдында ак болгон биз эми Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудай менен элдешип алдык. 2Ишенгенибизден улам биз Машаяктын аркасы менен Кудайдын ырайымына жетип отурабыз. Азыр ошол ырайымда жашап, келечекте Кудай менен кошо атак-даңкка бөлөнөбүз деген үмүт бизди сыймыкка ээ кылат. 3-4Ал гана эмес, тарткан азаптарыбыз менен да сыймыктанабыз, себеби азаптар бизди чыдамдуу кылып, чыдамдуулугубуз Кудайга жагып, бул бизди үмүткө ээ кыларын билебиз. 5Ошол үмүт болсо уятка калтырбайт, себеби Кудай ичибизге Ыйык Рухун салып, ошол аркылуу бизге Өз мээримин төктү.
6Акталууга эч чарабыз жок болуп турганда, Кудайдын белгилеп койгон мезгили жетип, Машаяк келип, кудайсыз болгон биз үчүн жанын берди. 7Адил адам үчүн да өз жанын берүү оңойго турбайт. Эми, балким, эң жакшы адам үчүн кимдир бирөө өлсө өлөр. 8Бирок Машаяк биз үчүн Өз жанын биз али күнөөкөр кезде эле берип койгону менен Кудай бизге Өз сүйүүсүн көрсөттү! 9Андай болсо, Ыйсанын курмандык каны менен акталган бизди Ал эми Кудайдын каарынан да куткарары канчалык анык! 10Анткени Кудайга душман болуп туруп, Уулунун курмандыгы аркылуу Аны менен элдешкен болсок, анда эми, элдешкенден кийин, Машаяктын өмүрү аркылуу кантип эле куткарылбайлы! 11Бул гана эмес, бизди Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу Өзү менен элдештирип койгон Кудайдын жакшылыгына да кубанып жатабыз.
Адам ата менен Машаяк
12Бир кишинин кетирген жазыгы аркылуу бул дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу – өлүм келген сыяктуу, баары күнөөгө батышып, өлүм бүткүл адамзатына тарап кетти. 13Мыйзам жок кезде деле дүйнөдө күнөө бар болгон, бирок мыйзам жок жерде күнөөнүн эсеби жүргүзүлбөйт. 14Кантсе да, Адам атанын мезгилинен тартып Мусанын мезгилине чейин Адам атаныкындай күнөө кетирбегендердин үстүнөн да өлүм өкүм жүргүзүп келди.
Адам ата болсо келечекте келе турган Бирөөнүн элеси эле. 15Бирок Кудайдын ыроологон ырайымын Адам кылган кылмышка салыштырууга болбойт. Бир киши – Адам атанын кылмышынан улам көптөгөн адамдар өлүм жазасына кесилсе, Кудайдын бир киши – Ыйса Машаяк аркылуу көптөгөн кишилерге тартуулаган ырайымы андан алда канча зор. 16Кудайдын тартуусун ошол бир кишинин күнөөсүнө салыштырууга болбойт: бир эле күнөө кылынгандан кийин жазалоо өкүмү чыгарылган болсо, биз көп күнөө кылсак да, Кудайдын тартуусу бизге акталуу алып келди. 17Эгерде бир киши кетирген жалгыз күнөөнүн айынан дүйнөдө өлүм өкүм жүргүзө баштаганы анык болсо, анда айкөл Кудайыбыз тарабынан акталып, Анын ыроологон ырайымын алгандардын бир эле Киши – Ыйса Машаяктын кылганы аркылуу Кудай менен жашап, Аны менен бирге өкүм жүргүзөрү канчалык анык!
18Ошентип, бир кишинин кылмышы аркылуу бүтүндөй адамзатка жазалоо өкүмү чыгарылган сыяктуу, бир кишинин адилеттүү иши аркылуу бүтүндөй адамзатка акталуу менен түбөлүк өмүр берилди. 19Бир кишинин Кудайга моюн сунбагандыгы аркылуу көп киши күнөөкөр болуп калгандай, бир кишинин Кудайга моюн сунгандыгы аркылуу көп киши акталат.
20Мыйзам адамдар өздөрүнүн канчалык күнөөлүү экенин көрсүн деп берилген. Ал эми күнөөлөрү көбүрөөк көрүнгөн сайын, Кудайдын ырайымы андан бетер көбөйдү. 21Ошентип, бир кезде өкүм жүргүзө баштаган күнөө өлүмгө алып келген сыяктуу, Кудайдын өкүм жүргүзө баштаган ырайымы бизди актап, Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө ээ кылат.
Currently Selected:
Римдиктерге 5: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018