Марк 1
1
Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы
1Бул Кудай Уулу Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабардын башталышы: 2Ышая пайгамбар жазып кеткендей:
«Мына, Сенин алдыңан,
Кабарчымды жиберем.
Ал Сага жол даярдайт».#1:2 Мал. 3:1.
3«Жар салгандын чөлдө үнү угулат:
“Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун,
Талаадагы басар жерин түздөгүн!”».#1:3 Ышая 40:3.
4Жакыя чөлгө келип, адамдарды сууга чөмүлдүрүп, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниеттерин өзгөртүп, сууга чөмүлүү керек экендигин жар салып жүрдү. 5Бүткүл Иудея аймагындагылар жана иерусалимдиктер ага барышып, күнөөлөрүн моюнга алышып, өздөрүн Иордан дарыясында чөмүлдүртүп жатышты. 6Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн жасалган кийим кийип, кайыштан белбоо тагынып, чегиртке менен жапайы аарынын балын жеп тамактанчу. 7Ал:
– Арка жагыман менден алда канча кудуреттүү бирөө келатат. Мен эңкейип анын бут кийиминин боосун чечкенге да татыксызмын. 8Силерди мен сууга чөмүлтөм, ал болсо Ыйык Рухка чөмүлтөт! – деп жар салды.
Ыйсанын сууга чөмүлүү расмисинен жана сыноолордон өтүүсү
9Ошол күндөрдө Ыйса Галилея аймагындагы Назарет шаарынан келип, Иордан дарыясында Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттү. 10Ал суудан чыкканда, асмандын ачылганын жана Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде үстүнө түшүп келатканын көрдү. 11Ошондой эле асмандан үн чыкты: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын».#1:11 Башт. 22:2; Забур 2:7; Ышая 42:1; Матай 3:17; 12:18; Марк 9:7; Лука 3:22. 12Ушундан соң, Рух Ыйсаны дароо ээн талаага алып кетти. 13Жапайы жаныбарлар мекендеген ээн талаада кырк күн шайтандын сыноосунан өттү. Периштелер болсо Ага кызмат кылышты.
Ыйсанын биринчи шакирттери
14Жакыя камалган соң, Ыйса Галилея аймагына келип, мындай деп Кудайдын Жакшы Кабарын жарыялады:
– 15Убакыт-сааты келип, Кудайдын падышачылыгы жакындап калды! Ниетиңерди өзгөртүп, Жакшы Кабарга ишенгиле!
16Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Ысман менен анын иниси Идристи көрдү. Алар кесиби балыкчы болгондуктан көлгө тор салып жатышкан болчу. 17Ыйса аларга:
– Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм! – деди.
18Алар ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү. 19Ыйса ал жерден бир аз узагандан кийин, кайыкта торлорун оңдоп жатышкан Зебедейдин балдары: ага-ини Жакып менен Жаканды көзү чалды. 20Көрөрү менен аларды Өзүнө чакырды. Алар болсо атасы менен мардигерлерди кайыкка калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
Жинге чалдыккан киши
21Ыйса шакирттери менен бирге Капарноом шаарына келип, дем алыш күнү синагогада таалим берди. 22Ыйсанын таалимине эл таң калды, анткени Ал дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бардай таалим берчү. 23Алардын синагогасына ошондо кара күчкө байланган бир киши капыстан кирип келип минтип катуу бакырды:
– 24Биз менен сенин эмне ишиң бар, назареттик Ыйса! Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя! Бил-е-е-м, ким экениңди, сен Кудайдын ыйыгысың.
25Ыйса ага:
– Үнүңдү бас да, андан чыгып кет! – деп буйруду.
26Кара күч жанагы кишини калчылдатып, катуу чаңырык менен андан чыгып кетти. 27Баарынын үрөйлөрү учуп, бири бирине: «Бул эмне ыя? Күчтүү окуубу? Бу киши кара күчтөргө да бийлик менен буйрук кылып, алар ага баш ийип атышат!» – дешти. 28Ошентип, Ыйса тууралуу кабар бүткүл Галилея аймагына тез эле тарап кетти.
Ыйсанын көп адамды айыктырышы
29Синагогадан чыгары менен Ыйса Жакып жана Жакан менен бирге Ысман менен Идристин үйүнө келди. 30Ысмандын кайненеси ысытма болуп ооруп, төшөктө жаткан. Аял жөнүндө Ага дароо айтышты. 31Ыйса ага жакын басып келип, колунан алып, өйдө тургузду. Аял ошол замат ысытма оорусунан айыгып, Ыйсаларды коноктой баштады.
32Кеч кирип, күн батканда болсо эл Ыйсага бардык оорулуулары менен жиндерге чалдыккандарын алып келишти. 33Бүт шаар эли Ыйса турган үйдүн эшигинин алдына чогулуп калды. 34Ыйса ар кандай оору менен ооруган көп адамдарды айыктырды, көптөгөн жиндерди кууп чыкты. Жиндер Ыйсанын ким экенин билгендиктен аларга сүйлөгөнгө тыюу салды.
Ыйсанын Галилеядагы таалими
35Ыйса эртеси таң атпай туруп, үйдөн чыкты да, Өзү жалгыз ээн жерге барып, Кудайга сыйынды. 36Ысман менен анын шериктери Ыйсаны артынан издеп барышып, 37табышкан соң:
– Баары сени издеп жүрүшөт! – дешти.
38Ыйса аларга:
– Жүргүлө, жакын жердеги айылдарга баралы. Ошол жерде да Жакшы Кабарды жар салышым керек. Анткени Мен ошол үчүн келгемин, – деди.
39Ошентип Ыйса бүтүндөй Галилея аймагын кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, адамдардан жиндерди кубалап жүрдү.
Пес оорулуу адамдын айыгышы
40Бир пес оорулуу адам Ыйсага келип, чөк түшүп, мындай деп жалбарды:
– Эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.
41Ыйса бу кишиге боору ооруп, колун сунуп ага тийгизди да:
– Каалаймын, айыккын! – деди.
42Ошол замат тиги кишинин денеси пестен арылып, айыгып кетти. 43Ыйса катуу эскертип:
– 44Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының!#1:44 Леб. 14. 1 – 32. – деп, аны дароо кайра жөнөттү.
45Ал киши болсо, мындай чыгары менен элдин баарына болгон окуяны жар салып, айтып кирди. Ошондон улам Ыйса шаарга түз кире албай, сыртта, ээн жерлерде калууга аргасыз болду. Эл болсо Ыйсага туш-тараптан агылып келип жатты.
Currently Selected:
Марк 1: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: