Матай 6:16-18
Матай 6:16-18 КЫРИ
Орозо тутканыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула. Алар орозо тутуп жатканын элге көрсөтүш үчүн кабактарын бүркөшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар өз сыйлыктарын эмитен эле алып алышты. Силер болсо адамдардын алдында эмес, жашыруун жерде да бар Атаңардын алдында орозо тутуп жатканыңарды көрсөтүү үчүн бети-башыңарды жууп, таранып-сыланып алгыла. Ошондо жашыруун нерселерди да көрүүчү Атаңар силерге сыйлыгыңарды берет.