YouVersion Logo
Search Icon

Матай 24

24
Ыйса ийбадаткананын кыйрай турганын алдын ала айтат
1Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып, кетип баратты. Ошондо шакирттери Ага келип, ийбадаткананын өзүн көрүп чыгууну сунуш кылышты. 2Ыйса аларга:
– Мунун баарын көрүп турасыңарбы? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, – деди.
Акыр заман алдындагы кыйынчылык, куугунтуктар
3Ыйса Зайтун тоосунда олтурганда, шакирттери элден бөлүнүп, Анын алдына келип сурашты:
– Айтчы, бул качан болот? Сенин келериңдин жана акыр замандын алдында кандай жышаан болот?
4Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин! 5Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет. 6Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок байкагыла, коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт. 7Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде ачарчылыктар болуп, жер титирейт. 8Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышы гана. 9Ошондо өзүңөрдү кыйноого салып берип, өлтүрүшөт. Менин шакирттерим болгонуңар үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар. 10Ошондо көп адамдар Мага болгон ишенимден баш тартышат, бири бирине чыккынчылык кылышат, бири бирин жек көрүшөт. 11Көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болуп, көп адамдарды алдап кетишет. 12Анан, күнөөлөрдүн көбөйүшүнөн улам, шакирттеримдин көбүнүн сүйүүсүнүн табы кайтып кетет. 13Бирок ким акырына чейин туруштук берсе, куткарылат. 14Кудай Падышачылыгынын Жакшы Кабары бүткүл жер бетине жарыяланып, бардык элдерге айтылат. Анан акыр заман келет.
Улуу алаамат
15Касиеттүү ийбадатканада Данияр пайгамбар айткан жийиркеничтүү арам нерсенин турганын көргөнүңөрдө (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын),#24:15 Дан. 9:27, 11:31, 12:11. 16Иудеядагылар тоолорго качсын, 17ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин, 18ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын.
19Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. 20Силердин качып кутула турган күнүңөр кыш убагына же дем алыш күнүнө туш келбесе экен деп сыйынгыла. 21Анткени ошол күндөрдө аалам жаралгандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн улуу алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт! 22Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартат. 23Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта» же «тигил жакта» десе, ишенбегиле. 24Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн улуу жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт. 25Мына, Мен силерге муну алдын ала айттым. 26Ошондуктан, эгер силерге бирөөлөр: «Тигине, Машаяк чөлдө!» десе, чыкпагыла, «Мына, Машаяк төркү үйдө» десе, ишенбегиле. 27Анткени чыгыштан батышка чейин жарк эткен чагылган айкын көрүнгөндөй, Адам Уулунун келиши да айкын болот. 28Ошондой эле тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи.
Ыйсанын кайра келиши
29Ошол алаамат күндөрдөн кийин дароо эле күндүн бети карарып, ай өз нурун төкпөй калат. Жылдыздар кулап, асман күчтөрү кыймылга келет.#24:29 Ышая 13:10; Жез. 32:7; Жайыл 2:10, 31; 3:15. 30Ошондо асманда Адам Уулунун жышааны пайда болот. Жер бетиндеги элдердин баары өкүрүп ыйлап, улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт.#24:30 Дан. 7:13 – 14. 31Кернейдин катуу үнү менен Ал Өз периштелерин жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.
Акыр заманга жакын калды
32Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер. 33Анын сыңары, мунун баарын көргөнүңөрдө, кыяматтын#24:33 Же: Адам Уулунун. босогодо турганын билгиле. 34Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт. 35Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.
Адам уулунун келишине даяр болгула
36Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз. 37Нух пайгамбардын убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот. 38Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту. 39Бирок топон суу келип, баарын басып калгыча эч нерсени түшүнүшпөдү. Адам Уулунун келиши да ошондой болот. 40Ошондо эки адам талаада болот, бири алынат да экинчиси калтырылат. 41Жаргылчак тартып олтурган эки аялдын бири алынат да экинчиси калтырылат. 42Ошондуктан сак болгула, анткени Эгеңер кайсы күнү келерин билбейсиңер. 43Бирок силер билгендей, үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле. 44Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.
Ишенимдүү жана ишенимсиз кул
45Кожоюну үй-чарбасына кызмат кылган кулдарына тамак-ашын өз убагында берип туруш үчүн аларга башчы кылып шайлап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү кулду элестеткиле. 46Тапшырылган кызматын аткарып жатканда кожоюну келип калса, ошол кул бактылуу! 47Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат. 48Эгерде ошол кул ниети бузулуп: «Кожоюнум жакында келбейт», – деп, 49башка кулдарды уруп сабай баштаса, аракечтерге кошулуп алып, жеп-ичсе, 50кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да, 51башын жара чаап, эки жүздүүлөр менен кошо жазага тартат. Ал жактагылар жаза тарткан жайда өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

Currently Selected:

Матай 24: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in