Матай 23
23
Дин мугалимдери жана фарисейлер тууралуу
1Ыйса чогулган эл менен шакирттерине кайрылып мындай деди:
– 2Дин мугалимдери менен фарисейлерде Мусанын мыйзамдарын силерге чечмелеп берүү бийлиги бар. 3Ошондуктан алардын айткандарын аткаргыла да сактагыла, бирок кылгандарын кылбагыла. Анткени алар өздөрү айткандарын аткарышпайт. 4Оор, адам чыдагыс диний эрежелерди башкалардын жонуна артып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагын да тийгизип коюшпайт. 5Алар эмне кылышса да, элге көрүнүш үчүн кылышат. Ичине Ыйык Жазуунун аяттары салынып, маңдайлары менен колдоруна байлануучу кутучаларды чоңойтушуп, чапандарынын этегин обу жок узартышат.#23:5 Санак 15:37 – 41. 6Аш-тойлордо төрдө, синагогаларда алдыңкы орундарда олтурганды жакшы көрүшөт. 7Базарларда элдин «устат» деп эпилдеп саламдашып турганын сүйүшөт. 8А силер болсо бири бириңерге боордошсуңар! Ошондуктан «устат» деп аталбай эле койгула! Анткени баарыңардын Устатыңар бир! 9Эч кимди «ата» дебегиле, анткени баарыңардын бир Атаңар бар. Ал – асмандагы Атаңар. 10Эч кимди «жол башчы» деп да айтпагыла, анткени баарыңардын бир эле жол башчыңар бар! Ал – Машаяк. 11Араңардагы эң чоңуңар силерге кызматчы болсун! 12Ким өзүн өзү көтөрсө, ал басынтылат, ал эми ким өзүн өзү басынтса, ал көтөрүлөт.
Дин кызматчылардын эки жүздүүлүгүн ашкерелөө
13Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени Асман Падышачылыгынын эшигин жаап, адамдарды киргизбей жатасыңар. Өзүңөр да кирбейсиңер, киргени жаткандарды да киргизбейсиңер.#23:13 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз. 15Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени бир кишини өзүңөрдүн диниңерге киргизиш үчүн деңиздерди сүзүп өтүп, жердин четине чейин барасыңар, анан максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе көп тозокко татыктуу кылып чыгарасыңар.
16Сокур жол башчылар, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер: «Ким ийбадаткана менен ант берсе эч нерсе болбойт, ал эми ким ийбадатканадагы алтын менен ант берсе, айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер. 17Акылсыздар жана сокурлар, кимиси улук: алтынбы же алтынды ыйык кылып турган ийбадатканабы? 18«Ким курмандык жай менен ант берсе, эч нерсе болбойт, ал эми анын үстүнө коюлган тартуу менен ант берсе, анда ал айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер. 19Сокурлар, кайсынысы маанилүү: тартуубу же тартууну ыйыктап турган курмандык жайбы? 20Курмандык жай менен ант берген адам курмандык жайдын өзү менен да, анын үстүндөгүнүн баары менен да ант берет. 21Ийбадаткана менен ант берген адам, ийбадаткананын өзү менен да, анын ичинде жашаган Кудай менен да ант берет. 22Асман менен ант берген адам Кудайдын тактысы менен жана анда олтурган Кудай менен да ант берет. 23Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Жалбыз, адырашман, зиренин түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер, ал эми мыйзамдагы маанилүү нерселер: калыстык, боорукердик жана Кудайга ишенимдүүлүктү калтырып койдуңар. Силер ушуларды сактап, тигилерди да калтырбашыңар керек болчу. 24Сокур жол башчылар, силер чымынды чыпка менен сүзүп аласыңар, бирок төөнү жутуп коёсуңар!
25Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңерде талоончулук менен сугалактык ашып-ташыйт. 26Сокур фарисей, чыныңдын сырты таза болуш үчүн биринчи ичин тазалап ал.
27Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер акталып, кооздолгон күмбөз сыяктуусуңар! Күмбөз сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлүктөрдүн сөөк-саагына, ар кандай ыпластыкка толгон. 28Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан элге такыбаа көрүнгөнүңөр менен, ичиңер толо эки жүздүүлүк менен күнөө.
29Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер пайгамбарларга күмбөз куруп, адилдердин эстеликтерин кооздоп, анан: 30«Эгер биз өткөн ата-бабаларыбыздын убагында жашаган болсок, анда пайгамбарлардын канынын төгүлүшүнө эч кошулмак эмеспиз», – дейсиңер. 31Ушунуңар менен өзүңөрдүн пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн тукуму экениңерди айгинелеп жатасыңар. 32Макул, ата-бабаларыңардын күнөө чөйчөгүн толтура бергилечи, эмне болор экен. 33Кара чаар жыландар, ажыдаардын тукумдары, тозоктогу жазадан кантип качып кутулар экенсиңер? 34Карагыла, силерге Мен пайгамбарларды, акылмандарды, дин мугалимдерин жиберем. Алардын кээсин өлтүрөсүңөр жана жыгачка керип саласыңар, кээсин синагогаларда сабатасыңар жана сары изине чөп салып, шаардан шаарга кубалайсыңар! 35Адилеттүү Абылдын канынан тартып, эң ыйык жай менен курмандык жайдын ортосунда силер өлтүрүп тынган Барахтын уулу Закирдин канына чейинки адилеттүүлөрдүн жер бетинде төгүлгөн бардык каны үчүн жаза тартасыңар! 36Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ошонун баары үчүн азыркы муундун адамдары, силер айыптуу болосуңар!
Ай, Иерусалим, Иерусалим!
37Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды ташбараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар. 38Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. 39Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!»#23:39 Забур 117:26. деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр.
Currently Selected:
Матай 23: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: