YouVersion Logo
Search Icon

Матай 16

16
Жышаан талап кылуу
1Фарисейлер менен садукейлер келип, Ыйсаны сынап, асмандан бир жышаан-белги#16:1 Фарисейлер менен садукейлер Ыйсага ишенбей, Анын Кудайдан келгенин далилдей турган өзгөчө белги талап кылышкан. көрсөтүшүн суранышты. 2Ошондо Ыйса айтты:
– Силер кечинде: «Күн кызарып батты, демек эртең аба-ырайы жакшы болот», – дейсиңер. 3Эртең менен: «Бүгүн жаан-чачын болот, анткени асман кызарып турат», – дейсиңер. Асман кубулуштарын билесиңер да, ал эми заман өзгөртчү окуяларды билбейт экенсиңер. 4Бузулган жана күнөөкөр муун кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт!
Ыйса ушундай деди да, аларды калтырып, башка жакка кетип калды.
Фарисейлер менен садукейлердин таалими тууралуу
5Шакирттер аркы өйүзгө барышты да, бирок нан алганды унутуп калышты. 6Ыйса аларга айтты:
– Абайлагыла, фарисей менен садукей ачыткысынан сак болгула.
7Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», – дешти.
8Ыйса муну билип, аларга:
– Ай, ишеними аздар! Эмнеге өз ара нан ала келбептирбиз деп жатасыңар? 9Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Өткөндү эстебейсиңерби? Беш нан беш миң кишиге жетип, артканын жыйнап алганыңарда канча себет болду эле? 10Жети нан төрт миң кишиге жетип, арткандарын жыйнагандачы? 11Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула дегенимде нан тууралуу айтпаганымды кандайча түшүнбөйсүңөр? – деди.
12Ошондо шакирттер Ыйсанын ачыткыдан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сак болууну айтканын түшүнүштү.
Ыйсанын Машаяк экендиги
13-14Ыйса Филип Кесария деген шаардын аймагына келгенде, шакирттерине мындай суроо берди:
– Мени, Адам Уулун, эл ким деп эсептешет?
Шакирттери:
– Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси Жеремия же башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, – дешти.
15А силерчи, – деди Ыйса аларга, – силер Мени ким деп эсептейсиңер?
16Ошондо Ысман-Петир:
– Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң! – деп жооп берди.
17Ыйса айтты:
– Сен бактылуу адамсың, Баржунус уулу Ысман, анткени муну сага кан менен денеден турган пенде эмес, асмандагы Атам ачып берди. 18Мен да сага айтам: сен Петирсиң,#16:18 Петир деген грек сөзүнүн мааниси – «аска таш». ушул аска таштын үстүнө Мен Өзүмдүн Жыйынымды курамын, аны өлүм да жеңе албайт. 19Мен сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем, жер бетинде эмнеге тыюу салсаң, ал асманда да тыюу салынган болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат кылсаң, ал асманда да уруксат берилген нерсе болушу керек.
20Ушундан соң, Ыйса шакирттерине:
– Менин Машаяк экенимди эч кимге айтпагыла! – деп катуу эскертти.
Ыйса Өзүнүн азап тартып өлөрүн алдын ала айтат
21Ушул убактан баштап Ыйса Иерусалимге барышы керектигин, андан эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан көп азап чегип, өлтүрүлөрү, анан үчүнчү күн дегенде кайра тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу айта баштады. 22Петир Аны четке чакырып алып:
– Кой, анын бетин ары кылсын, устатым, сени Кудай сактасын! – деп Ага каршы болуп кирди.
23Ыйса Петирге бурулуп:
– Жогол Менден, шайтан! Мага тоскоол болуп жатасың, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! – деди.
24Анан шакирттерине мындай деди:
– Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн! 25Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот. 26Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат? 27Анткени Адам Уулу Атасынын кудурети менен периштелеринин коштоосунда көктөн келет да, кылган иштерине жараша ар кимге тиешелүү шыбагасын берет.
28Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Адам Уулунун Падыша болуп келгенин көргөнгө чейин көз жумбайт.

Currently Selected:

Матай 16: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in