YouVersion Logo
Search Icon

Лука 1

1
Кат башы
1Урматтуу Теопил, арабызда болуп өткөн окуяларды көп адамдар аңгеме кылып жаза башташты. 2Биз бул окуяларды тээ башынан бери аларды өз көзү менен көрүп, күбө болгон Жакшы Кабар жарчыларынан уккан элек. 3Эми, ошол окуялардын баарын баштан-аяк кылдаттык менен изилдеп чыккан соң, мен да сизге ырааты менен жазып жиберүүнү туура таптым. 4Менин максатым – мурдагы сиз алган таалимдердин аныгын билдирүү.
Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келери тууралуу кабар
5Иудея аймагынын падышасы Ироддун убагында Абыя#1:5 Арундун тукумдары диний кызматчылар болушкан. Абыя Арундан тараган бир уруунун түпкү атасы болгон. уруусунан чыккан Закир аттуу бир динкызматчы болгон. Аялы Элизабет да Арун уруусунан эле. 6Экөө тең Кудай алдында ак жашап, Эгебиздин бардык осуят-парыздарын так аткарышчу. 7Элизабет төрөбөгөндүктөн, алар балалуу болушкан эмес. Ал экөө улгайып да калышкан эле. 8Закир ошол кезде өз уруусунун кезеги келип, динкызматчы катары Кудайга кызмат кылып жүргөн. 9Бир күнү динкызматчылар арасындагы салт боюнча чүчү кулак кармашканда, Закирге Эгебиздин ийбадатканасына кирип, жыттуу чайыр түтөтүү милдети тийди. 10Ал бул милдетин аткарып жатканда, калың эл сыртта сыйынып турду. 11Ошондо чайыр түтөтө турган тактанын оң капталында Эгебиздин периштеси пайда болду. 12Аны көргөн Закир селт этип, коркуп кетти. 13Бирок периште ага:
– Закир, коркпо! Сыйынган үнүң Кудайга жетти. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, атын Жакыя койгун. 14Кубанычың койнуңа батпай, сүйүнөсүң. Анын туулушу көп адамдарды кубанычка бөлөйт. 15Эгебиздин алдында мартабасы бийик болот. Арак-шарапты оозуна албайт. Энесинин ичинен эле Ыйык Рухка толот. 16Ысрайыл урпактарынын көбүн өздөрүнүн Кудай Эгесине кайра алып келет. 17Аталарынын көңүлүн балдарына буруп, тоң моюндардын жүрөгүн жибитип, Эгебиздин келишине элди даярдаш үчүн Илияс пайгамбардын күч-кудурети менен Эгебизден мурда келет, – деди.
18Муну мен кантип биле алам? Өзүм карыдым, кемпирим да улгайып калды, – деп сурады Закир периштеден.
19Периште:
– Мен Кудай алдында турган Жебирейилмин. Сага ушул кабарды сүйүнчүлөш үчүн жиберилген элем. 20Убагы келгенде, айткан сөзүм аткарылат. Бирок сөзүмө ишенбей койгонуң үчүн тилден калып, айтканым аткарылган күнгө чейин сүйлөбөйсүң, – деди.
21Бул арада Закирди күтүп турган эл анын ийбадатканада мынчалык кармалганына таң калып турушту. 22Закир эл алдына чыкканда, сүйлөй албады. Ошондо анын ийбадаткананын ичиндеги ыйык бөлмөдөн#1:22 Ийбадаткана ичиндеги динкызматчылар гана кире ала турган атайын бөлмө. аян көргөнүн түшүнүштү. Ал кол жаңсап, сүйлөй албай, дудук болуп калды.
23Диний милдети бүткөн соң, Закир үйүнө кайтты. 24-25Көп узабай эле Элизабет кош бойлуу болду. «Эл алдында „төрөбөс“ деген атка калтырбай, Эгем мага назарын салды», – деп ал беш ай бою үйүнөн чыкпады.
Кудай жиберген Куткаруучунун дүйнөгө келери тууралуу кабар
26Элизабеттин боюндагы баласы алты айлык болгондо, Кудай Жебирейил периштени Галилея аймагындагы Назарет шаарында жашаган Мариям аттуу бир кызга жиберди. 27Ал Дөөт падышанын тукумунан чыккан Жусуп деген кишиге башы байланган эле. 28Периште Мариямга келип:
– Амансыңбы, Кудайдын мээри түшкөн кыз! Эгебиз сага жар болсун! – деди.
29Бул сөздү укканда, Мариям абдан таң калды. «Бул кандай саламдашуу болуп кетти?» – деп ойлонуп туруп калды. 30Ошондо периште мындай деди:
– Мариям, коркпогун, сага Кудай ырайым кылды. 31Кош бойлуу болосуң да, уул төрөйсүң. Атын Ыйса кой! 32Ал улуу инсан болуп, Кудай Тааланын Уулу аталат. Кудай Эгебиз Ага бабасы Дөөттүн падышалык тактысын берет. 33Ал Ысрайыл элине түбөлүк падышалык кылып, Анын падышачылыгына чек болбойт.
34Бул кандайча болот, мен али күйөөгө чыга элекмин да? – деди Мариям периштеге.
35Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт да, сага Кудай Тааланын кудуретинин көлөкөсү тиет. Мына ошол себептен төрөлө турган ыйык бала Кудай Уулу аталат.
36Эжең Элизабетти карачы! Адамдар аны «төрөбөс» дешчү эле, бирок ал да азыр, карыган чагында, боюна эркек бала бүтүп, кош бойлуу болгонуна алты ай болуп калды. 37Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок, – деп айтты периште.
38Ошондо Мариям:
– Мен Эгебиздин кулумун. Айтканыңыздай болсун, – деди.
Анан периште көздөн кайым болду.
Мариямдын Элизабетке барышы
39Ушул окуядан кийин Мариям шашылыш түрдө Иудеянын тоолуу жериндеги шаарга жөнөдү. 40Анда жашаган Закирдин үйүнө кирери менен Элизабет менен учурашты. 41Мариямдын үнүн укканда, Элизабеттин курсагындагы бала туйлап кетти. Элизабет Ыйык Рухка толуп, кубанганынан мындай деп кыйкырып жиберди:
42Сен аялдардын ичинен таалайлуусуң. Ичиңдеги балаң да таалайлуу. 43Эгемдин энеси мага келгендей мен ким элем? 44Саламыңды укканда, ичимдеги балам сезип, туйлап жиберди. 45Ишеними бар, бактылуу жан экенсиң. Себеби сага айткан сөздөрүн Эгем сөзсүз орундатат.
Мариямдын кубаныч ыры
46Мариям болсо мындай деди:
– Эгемди жаным урматтайт.
47Куткаруучум – Кудайым
Абдан мени сүйүнттү,
48Назарын салып кулуна
Моюн сунганым көрдү.
Эми бардык урпактар,
«Таалайлуу» деп аташып,
Атымды даңазалашат.
49Кудуреттүү Кудайым
Мага чоң урмат көрсөттү.
Ысмы ыйык Кудайдын,
50Андан корккон пенделер,
Укумдардан тукумга,
Мээримине бөлөнөт.
51Кудурети менен Ал,
Улуу иштер жасаган:
Көпкөндөрдүн ниетин,
Чачыратып, кыйраткан.
52Күчтүүлөрдү тактыдан
Ал шыпырып түшүргөн.
Алсыздарды көтөргөн,
53Мусаапыр, ачыккандарга
Берекесин мол төккөн.
Байларды кур кол жөнөткөн.
54-55Түп атабыз Ыбрайымга
Жана да урпактарына
Боломун деген мээримдүү,
Сөздөрүн эстеп убада,
Кызматчысы Ысрайылга
Ар дайым көмөк көрсөткөн.
56Мариям үч айдай эжесинин жанында болуп, анан үйүнө кайтты.
Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келиши
57Элизабет ай-күнүнө жетип, уул төрөдү. 58Эгебиздин ага кылган бул ырайымын коңшу-колоңдору, тууган-туушкандары угуп, алар да Элизабеттин кубанычына ортоктош болушту. 59Бир жума дегенде, алар баланы сүннөткө олтургузуп, Закир деп атасынын атын коймокчу болушту. 60Бирок энеси:
– Жок, аты Жакыя болот! – деп каршы чыкты.
Алар:
61Сенин уругуңда мындай аттуу эч ким жок го, – дешти да, 62кол жаңсап, атасынан кандай ат койгусу келерин сурашты. 63Атасы колуна бир тактай алды да, «ысымы Жакыя болсун» деп жазып койду. Буга баары таң калышты. 64Ошол эле замат Закирге тил кирип, Кудайды алкай баштады. 65Айланада жашагандардын баарын Кудайдын коркунучу каптап, бүтүндөй тоолуу Иудеяда бул окуялардын тегерегинде кеп-сөз жүрдү. 66«Бул бала ким болор экен?» – дешип, уккандардын баары бул окуяларды эсине түйүштү. Анткени баланы кудуреттүү Эгебиз Өзү колдогону анык эле.
Закирдин пайгамбарлык сөзү
67Баланын атасы Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарлык сөзүн айтты:
68Ысрайылдын Кудайы –
Эгебизге алкыш-даңк!
Анткени Ал элине
Келди дагы, куткарды.
69Өз кулунун – Дөөттүн
Тукумунан жаратып,
Кудуреттүү Куткаруучу
Мына эми жиберди.
70Тээ мурдатан касиеттүү
Пайгамбарлар аркылуу
Кудай бизге айткандай,
71Касташкандарыбыздан
Жек көргөндүн баарынан
Бизди келип куткарар.
72Ата-бабаларыбызга
Ырайымдуу болом деп,
Өз ыйык келишимин
Түбөлүк унутпайм деп,
73Бабабыз Ыбрайымга
Берген антын эстеп, Ал
74Айыгышкан жообуздун
Колдорунан кутказат.
Эч нерседен коркпостон,
75Өмүр бою алдында
Ыйык жана адилет
Болуп кызмат кылабыз.
76-79Сен болсо, оо, наристем,
Кудайыбыз Тааланын
Пайгамбары аталып,
Жараткан Өз элинин
Күнөөлөрүн кечирип
Куткарарын билдирип,
Эгебиздин алдынан
Жол даярдап чыгасың.
Өз элине кайрымдуу
Жана дагы мээримдүү
Кудайыбыз мына эми
Бизге ичи элжиреп,
Куткаруунун ак таңын
Жаркыратат асмандан,
Караңгы менен өлүмдүн
Болгондорго алдында
Чачыратат жарык-нур,
Тынчтыгына алпарган
Ак жолуна багыттайт.
80Ал эми бала эрезеге жетип, эл алдына чыкканча ээн чөлдө жашады.

Currently Selected:

Лука 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy