YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 4

4
Эстелик таштардын орнотулушу
1Бүт эл Иордандан өтүп бүткөндө, Жараткан Эге Жашыяга мындай деди:
2– Эл ичинен он эки кишини – ар бир уруудан бирден кишини танда. 3Анан аларга: «Иордандын ортосунан, дин кызматчылардын буттары турган жерден он эки чоң ташты алып чыгып, аларды бүгүн силер түнөккө токтой турган жерге алып барып койгула», – деп буйрук бер. 4Ошондо Жашыя ысрайылдардын он эки уруусунан бирден кишини тандап алып, аларды өзүнө чакырды. 5Анан Жашыя аларга мындай деди:
– Иордандын ортосуна, Жараткан Эге, Кудайыңардын келишим сандыгынын алдына баргыла. Ошол жерден Ысрайылдын урууларынын санына жараша он эки ташты алып, ар бириңер бирден ийиниңерге көтөрүп чыккыла. 6Алар силер үчүн эстелик болуп калат. Келечекте урпактарыңар силерден: «Бул эмне деген таштар?» деп сураганда, 7аларга: «Биз Иордан дарыясынан өтүп жатканыбызда Жараткан Эгенин келишим сандыгынын алдында дарыянын агымы токтоп калган. Ошондуктан бул таштар Ысрайыл урпактары үчүн түбөлүк эстелик катары коюлган», – деп айткыла.
8Ысрайылдар Жашыя эмне деп буйрук кылса, ошонун баарын аткарышты. Жараткан Эге Жашыяга айткандай, алар Иордандын ортосунан Ысрайыл урууларынын санына жараша он эки ташты көтөрүп чыгып, түнөк жайга алып келип коюшту. 9Жашыя дагы бөлөк он эки ташты Иордандын ортосуна, келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар турган жерге койдурду. Алар ушул күндө да ошол жерде турат.
Дарыядан өтүүнүн аякталышы
10Жараткан Эгенин элге айткын деп Жашыяга берген ар бир буйругу, ошондой эле Мусанын Жашыяга буйруганы толук аткарылып бүткөнчө, келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар Иордандын ортосунда турушту. Эл болсо дарыядан шашылыш өтүп жатты. 11Бүт эл аркы жээкке өтүп бүткөндөн кийин, Жараткан Эгенин келишим сандыгы менен дин кызматчылар дарыядан чыгып, элдин алдыңкы катарына өтүштү. 12Буга чейин Муса аларга буйругандай, рубен, гад уруулары жана менаше жарым уруусу Ысрайыл элинин алдында аскердик катар менен аркы жээкке өтүштү. 13Куралданган кырк миң жоокер Жараткан Эгенин алдында салгылашуу үчүн Иерихон түздүгүнө чыкты. 14Ошол күнү Жараткан Эге бүт Ысрайыл элинин алдында Жашыянын зоболосун көтөрдү. Эл Мусаны кандай урматтаган болсо, Жашыянын өмүрү өткөнчө, аны да ошондой урматтап калды.
15Анан Жараткан Эге Жашыяга мындай деди:
16– Күбө сандыгын көтөрүп жүргөн дин кызматчыларга: «Иордандан чыккыла!», – деп буйрук бер.
17Жашыя дин кызматчыларга:
– Иордандан чыккыла! – деп буйрук берди. 18Жараткан Эгенин келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар Иордандан чыгып, тамандары жээкке тиери менен, дарыя өз нугуна түшүп, мурдагыдай жээктеринен ашып-ташып ага баштады.
Ысрайылдын Гилгалга конуш курушу
19Биринчи айдын онунчу күнү эл Иордандан өтүп, Иерихондун чыгыш тарабындагы Гилгалга конуш орнотту. 20Анан Жашыя Иордандын түбүнөн алган он эки ташты Гилгалга үйдүрүп койду. 21Анан Ысрайыл элине мындай деди:
– Келечекте урпактарыңар аталарынан: «Бул эмне деген таштар?» – деп сураганда, 22балдарына: «Ысрайыл эли ушул Иордан дарыясынын кургап калган нугу аркылуу өткөн» деп жооп беришсин. 23Анткени Жараткан Эге, Кудайыңар силер өтүп бүткөнчө, Камыш деңизин кантип кургатса, Иордан дарыясын да силер үчүн токтотуп, кургатып салды. 24Бүт жер үстүндөгү элдер Анын кудурети күчтүү экенин билиши үчүн, силер өмүрүңөр өткөнчө Жараткан Эге, Кудайыңардан коркуп жашашыңар үчүн ушундай кылды.

Currently Selected:

Жашыя 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in