Жашыя 24:15
Жашыя 24:15 КЫРИ
Эгерде Жараткан Эгеге кызмат кылгыңар келбесе, анда кимге кызмат кылууну бүгүн тандагыла. Эфрат дарыясынын аркы өйүзүндө жашаган убакта ата-бабаларыңар ийбадат кылган кудайларыңарга кызмат кыласыңарбы? Же силер буга чейин аморлорго таандык жерде жашап жаткандыктан, эми алардын кудайларына кызмат кыласыңарбы? Мен үй-бүлөм менен Жараткан Эгеге кызмат кылам.