YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 24

24
Шекемде келишимдин жаңыланышы
1Анан Жашыя ысрайылдын бардык урууларын Шекемге чогултту. Ысрайыл аксакалдарын, эл башкаруучуларын, казыларын, төрөлөрүн чакыртты. Жамы журт Кудайдын алдына келди. 2Ошондо Жашыя чогулган жалпы элге мындай деп кайрылды:
– Жараткан Эге – Ысрайылдын Кудайы мындай дейт: «Мурдагы замандарда силердин ата-бабаларыңар Ыбрайым менен Нахордун атасы Терахка чейин Эфрат дарыясынын аркы өйүзүндө жашашкан. Алар башка кудайларга кызмат кылып келишкен. 3Бирок Мен силердин түпкү атаңар Ыбрайымды Эфрат дарыясынын аркы тарабынан алып чыгып, бүт Канаан жерин түрө кыдыртып чыктым. Анын тукумун көбөйттүм. Ага Ыскакты бердим. 4Ыскакка Жакып жана Эсап аттуу уулдарды бердим. Эсапка Мен Сеир тоолорун энчиге бердим. Жакып болсо уулдары менен ылдыйлап, Мисирге көчүп кетти. 5Кийин Мен Муса менен Арунду жиберип, Мисир элинин башына түрдүү алааматтарды салып кыйраттым. Ошондон кийин силерди ал жерден алып чыктым. 6Ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыгып, алар Камыш деңизине жеткенде, мисирликтер аталарыңардын артынан майдан арабалары, атчан аскерлери менен кубалап жетишти. 7Ошондо алар жардам сурап Жараткан Эгеге боздоп жалынышканда, Мен алар менен мисирликтердин ортосуна коюу караңгылык түшүрдүм. Мисирликтердин үстүнө толкундарды каптатып, деңизге чөктүрдүм. Аларды эмне кылганымды өз көзүңөр менен көрдүңөр. Ошондон кийин силер узак убакыт чөлдө жер кезип жүрдүңөр.
8Анан Мен силерди Иордандын күн чыгышында жашаган аморлордун жерине алып келдим. Алар силерге кол салганда, душманыңарды колуңарга салып бердим. Жооңорду көз алдыңарда кырып салдым. Силер болсо алардын жерин ээлеп алдыңар.
9Анан маап элинин падышасы, Сипордун уулу Балак да Ысрайыл менен согушууга чыкты. Ал силерди каргатыш үчүн Беордун уулу Биламды чакыртты. 10Бирок Мен Биламга кулак салгым келген жок. Тескерисинче, силерге кайра-кайра батасын берүүгө аны мажбур кылдым. Мен силерди Балактын колунан куткардым.
11Силер Иордандан өтүп, Иерихон шаарына жакындап келгениңерде, ал калаанын эли силерге каршы согуш ачты. Аморлор, периздер, канаандар, хеттер, гиргаштар, хибилер, жебустар да силер менен согушту. Бирок Мен алардын баарын силердин колуңарга салып бердим. 12Силер ал элдерге жете электе эле, аларга коркунучту каптатып, аморлордун эки падышасын алдыңардан кубалап салдым. Силер душманыңарды кылыч шилтеп, жаа тартып кубалаган жоксуңар.
13Ошентип, Мен силерге өзүңөр мээнет кылып иштетпеген жерди, өзүңөр курбаган шаарларды бердим. Силер ошол шаарларда жашап, өзүңөр отургузбаган жүзүм менен зайтун дарактарынын мөмөлөрүн жеп жатасыңар».
14Жашыя сөзүн улантып мындай деди:
– Ошондуктан Жараткан Эгеден коркуп, Ага берилип, ак ниеттен кызмат кылгыла. Эфрат дарыясынын аркы өйүзүндө жана Мисирде ата-бабаларыңар ийбадат кылган жалган кудайларды жок кылып, Жараткан Эгеге гана кызмат кылгыла. 15Эгерде Жараткан Эгеге кызмат кылгыңар келбесе, анда кимге кызмат кылууну бүгүн тандагыла. Эфрат дарыясынын аркы өйүзүндө жашаган убакта ата-бабаларыңар ийбадат кылган кудайларыңарга кызмат кыласыңарбы? Же силер буга чейин аморлорго таандык жерде жашап жаткандыктан, эми алардын кудайларына кызмат кыласыңарбы? Мен үй-бүлөм менен Жараткан Эгеге кызмат кылам.
16Ошондо калың эл:
– Кудай сактасын! Биз эч качан Жараткан Эгени таштап, башка кудайларга кызмат кылбайбыз! – деп жооп берди. 17Анткени Жараткан Эге, Кудайыбыз бизди жана аталарыбызды Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон. Ал кылган зор керемет-жышаандарды өз көзүбүз менен көрдүк. Сапарыбызда дайыма сактап, бөлөк элдердин жеринен өткөнүбүздө ошол бөтөн элдерден бизди коргоду. 18Ушул жерде жашаган аморлорду жана башка элдердин баарын алдыбыздан кубалап салды. Ошондуктан биз да Жараткан Эгеге гана кызмат кылабыз, анткени Ал – биздин Кудайыбыз. 19Ошондо Жашыя элге:
– Жок, силер Жараткан Эгеге кызмат кыла албайсыңар. Анткени Ал – ыйык, кызганчаак Кудай. Ага каршы баш көтөрүп, күнөө кылсаңар, Ал силерди кечирбейт, – деп айтты. 20– Эгерде Жараткан Эгени таштап, башка кудайларга кызмат кылсаңар, Ал ушул күнгө чейин силерге жакшылык кылып келсе да, силердин башыңарга жамандык салып, кырып салат.
21Эл болсо Жашыяга:
– Жок, биз Жараткан Эгеге кызмат кылабыз, – деп жооп берди. 22Жашыя элге:
– Силер Жараткан Эгеге кызмат кылууну тандап алганыңарга өзүңөр күбөсүңөр, – деди.
Эл жабыла:
– Ооба, өзүбүзгө өзүбүз күбөбүз, – деп жооп берди. 23– Андай болсо, араңардагы буркандарды жок кылып, жүрөгүңөрдү Жараткан Эгеге, Ысрайылдын Кудайына бургула, – деди Жашыя.
24Ошондо эл Жашыяга:
– Жараткан Эгеге, Кудайыбызга кызмат кылабыз. Анын сөзүн угабыз, – деп убада берди.
25Ошол күнү Жашыя Шекемде элдин атынан келишим түзүп, Жараткан Эгенин эреже-мыйзамдарын элге берди. 26Жашыя ошол сөздөрдү Кудайдын Тоорат китебине жазып койду. Анан бир чоң ташты алып келип, Жараткан Эгенин ыйык жайынын жанында өскөн эмендин түбүнө орнотту.
27– Мына! – деди Жашыя бүт элге кайрылып. – Ушул таш бизге күбө болот, анткени ал Жараткан Эгенин бизге айткан сөздөрүнүн баарын укту. Ошондуктан Кудайдан баш тартып кетсеңер, бул таш силерге каршы күбө болот, – деп жар салды.
28Ошондон кийин Жашыя элди өздөрү энчиге алган жерлерине коё берди.
Жашыя жана Элазардын көз жумушу
29Ушул күндөрдөн кийин Жараткан Эгенин кулу, Нундун уулу Жашыя жүз он жашка чыгып дүйнө салды. 30Эл Жашыяны өзүнүн энчисине тийген Тимнат-Серах шаарында жерге берди. Тимнат-Серах шаары Гааш тоолорунун түндүгүндөгү Эпрайым тоолорунда жайгашкан.
31Ысрайыл эли Жашыянын убагында, ошондой эле Жараткан Эгенин Ысрайылга кылган бардык иштерин көргөн, Жашыядан кийин да жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө да Жараткан Эгеге кызмат кылды.
32Ысрайыл калкы Мисирден алып чыккан Жусуптун сөөгүн Шекем талаасында жерге берди. Ал жерди ысрайылдардын бабасы Жакып Шекемдин атасы Хамордун уулдарынан жүз күмүш шекелге#24:32 Шекел– болжол менен 12 г. сатып алган болчу. Ал жер Жусуптун урпактарына энчиге берилди.
33Арундун уулу Элазар да көз жумду. Эл анын сөөгүн уулу Пинхастын энчисине тийген Эпрайым тоосундагы Гибага койду.

Currently Selected:

Жашыя 24: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in